Алина Печёнкинанын «Клооптун» «Ашар» долбоору үчүн иллюстрациясы

64 жаштагы Айна Мурзалиева 13 жаштагы небереси менен Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин биринде турат. Бул үйдү өмүр бою иштеп тапкан акчасына сатып алган. Үйдүн сырткы эшигине «7» деген белгини убактылуу боёк менен жазып коюшкан. Батирдин расмий катар номери белгисиз — документтери дагы жок. Документтерди Айна төрт жылдан бери күтүп келет — дагы деле техпаспорт алып калам деген үмүтү бар.

Айна ушуну менен экинчи жолу батир алууда күйүп олтурат. Ал 2017-жылы туугандарынын үйүндө турчу. 12-кичи райондогу эки бөлмөлүү үйүн сатып, акчанын бир бөлүгүн Ысык-Көлдө пансионат куруп жаткан уулуна берген, калган бөлүгүн жаңы курулуп жаткан үйдүн баштапкы төлөмүнө күрөө катары берген. Эки жыл аралыгында уулу пансионатты куруп бүткөн, ал эми жаңы батирдин курулуш иштери аягына чыкпай, созулуп кеткен. Каарманыбыз башка турак-жай алууну ойлоно баштаган.

«Мен туугандар менен жашоону каалабай турдум. Уулума: “Пансионатты сатып, үй алабыз” дедим. Антпесе, бул курулушу бүтө элек батирди дагы канча күтүш керек… », — дейт ал.

Дагы бир жаңыдан курулуп жаткан үйдө батирлер сатылып жатканы тууралуу Айна деле коңшулары сыяктуу жарнамадан уккан. «Батир бизге жакты, анткени баары: ремонту да, баары-баары, даяр болчу. Пардалары тартылган, газ кирген, газ плитасы дагы бар болчу. Жап-жаңы болчу», — деп эскерет ал батирди биринчи көргөндөгү сезимдерин.

Ошондо Айна баласы экөө курулуп бүткөн пансионатты сатып, жарым акчасына Бишкектен бир бөлмөлүү батир сатып алууну чечишет. Жаңы үйдөгү батирди Урмат Алкадыров сатып жаткан — ал көп кабаттуу үй жайгашкан участоктун ээси, апасы Майрамкүл Мураталиевадан алынган ишеним каттын негизинде сатууга койгон.

Айнанын уулу Урмат Алкадыров менен менен келишим түзгөн, бирок үйдүн техпаспорту кечигип жатты.

«Мен Урматтан “Техпаспорт качан берилет?” деп сурасам, “Ой сиз шашып жатасыз. Үч күндөн кийин, жума күнү”, — деп эскерет ал. — Ал эми жума күнү: “Ооба, мына документ үстөлүмдүн үстүндө турат. Мен сизге дүйшөмбү чалам” деген. Ошентип отуруп, андан бери 4,5 жыл өттү».

Мурзалиева түңүлүп, 2018-жылы батирди сатууну чечкен — бирок техпаспорт жок болгондуктан сата алган эмес. «Сата албайт дагы экенсиң. Мен акчаны кайтарып бергиле деп да айтпайм, төрт жарым жылда чарчап бүттүм. Мага болгону техпаспорт керек», — деп капаланат ал.

Үйдөн дайын жок

Айнанын үйү Жунусалиев менен Айни көчөсүнүн кесилишинде турат. Башында бул жерде бир кабаттуу үй болгон. Спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, жүк ташыган темир контейнерден тургузулган үч кабаттуу үйдүн курулушу 2015-жылы башталган. Кийинчерээк чатырын алып салып, дагы бир кабат кошкон. 2016-жылы Урмат Алкадыров аркылуу салынып бүтө элек үйдөн алгачкы батирлери сатыла баштаган. Бирок Алкадыров менен апасы батир ээлерине бүгүнкү күнгө чейин документтерин бере элек.

Жунусалиев менен Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн 2015-жылдын ноябрь айындагы көрүнүшү. Сүрөт: Google Street View

Кызыгы, мыйзам боюнча бул жерде эч кандай үй жок. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү реестринде бул эч кандай курулмасы жок жер тилкеси. Ал эми «Бишкек башкы архитектура» ишканасынан аталган участкага үй курууга уруксат берилбегенин айтышууда.

«Мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу — бул курулушка уруксат алган деген кеп. Мында корутунду жок. Демек объект өзбилемдик менен салынган болуп эсептелет», — деп билдирди мекеме «Клоопко».

Жунусалиев көчөсүндөгү үйдөн батир сатып алгандар курган тарап менен алдын-ала сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөнүн айтышат. «Прецедент» юридикалык фирмасы келишимдин мындай түрү «дольщиктер» үчүн «эң коркунучтуу келишимдердин бири» деп атайт өзүнүн сайтында. «Бул кандайдыр сатам деген убада сыяктуу, бирок эч кандай кепилдик бербейт», деп жазат юристтер.

                                                                                       Сүрөт: Бекмырза Исаков / «Ашар»

Банк купуялуулугу

Медияр Токтомамбетов Урмат Алкадыровду көптөн бери таанычу — бир убакта чогу иштеп да калышкан. Бир күнү Урмат бир таанышы менен Медиярды батирин күрөөгө коюп насыя алып берип турууга көндүрөт. Насыяны өздөрү төлөйбүз деп убада беришет.

«Мен каалаган эмесмин, бирок алар эгер насыяны төгө албай батир банкка өтүп кетсе, ордуна Жунусалиев 99 дарегинен бир бөлмөлүү батир берүүнү убадалашкан», — дейт Токтомамбетов. Акырында ал макул болгон. Ошол эле күнү алар жаңы батирди сатуу боюнча алдын ала келишим түзүшкөн.

Бир жылдан кийин банк кредитти төлөбөгөнү үчүн Мадияр күрөөгө койгон батирди алып койгон. Мадияр үйдү банктан кайра сатып алуу үчүн бөлүп төлөй турган насыя алган. Анын айтымында, Урмат бөлүп төлөө шартын өзү аткарып, батирди чыгарам деп убада берген. Бирок бир тыйын да берген эмес.

Жыйынтыгында Токтомамбетов Алкадыровдун үстүнөн милицияга арыз жазган. Анда дагы бир кызыктуу жагдай ачыкка чыккан — кепилдик катарында Медиярга берген батирди буга чейин башка бир кишиге сатып жиберишкен. Үйдүн жашоочулары бул биринчи окуя эмес, бир батирге бир нече киши ээлик кылган жалгыз учур деп айтышкан.

Медиярдын батиринин расмий номуру жок — убактылуу гана каалгасына жазып койгон. Сүрөт: Бекмырза Исаков/ «Ашар»

Ушуну менен жашоочуларды нес кылган окуялар түгөнгөн эмес.

Жубайлар Улан менен Гүлзат жаңы үйдөн беш батир сатып алышкан. Алардын айрымдарын кеңсе катары ижара беришет. «Материалдык жактан коопсуз жашоо үчүн бери дегенде 10 жыл акча топтодук. Ал акчаны чет өлкөдө иштеп жүрүп жыйнаганбыз», — дейт Улан.

Бирок 2018-жылы жубайлар жердин ээси мүлктү «Росинбанкка» (азыркы аталышы «Керемет банк») күрөөгө койгонуна бир жыл болгонун билишкен.

«Банк алар менен келишим түзүп, кредит төлөй албай калса соттун катышуусу жок эле жерди алып коёбуз деген шарт коюптур. Ошол эле учурда, үй турган. Адамдар жашап жаткан. Биз Урмат ушундай иштер менен алектенерин билген да эмеспиз», — дешет алар.

Тургундар өзбилемдик менен курулган көп кабаттуу үй жайгашкан жер тилкесин банк кандайча күрөө катары санаганын түшүнө албай келишет.

Акыр аягы, 2021-жылдын июль айында Мураталиеванын жер тилкеси банктын менчигине өткөн. Жердин мурдагы ээси «пайыздары чогулбашы үчүн» жерди өз эрки менен банкка өткөрүп бергенин айтып, аны кайра сатып алам деп убада берген. «Керемет банк» болсо бул боюнча эч кандай комментарий бербейт — бул банктык, коммерциялык жана тергөөнүн сыры деп айтышууда.

                                                                                    Сүрөт: Бекмырза Исаков / «Ашар»

«Силер кимсиңер?»

Күзүндө үйдүн жашоочулары чогулуп прокуратурага арыз жазышкан. Иш ордунан такыр жылган эмес, бирок 31-мартта Алкадыров кармалып, ТИЗОго киргизилген.

Мурзалиева анын камалганын апасынан уккан — Айнанын айтымында Урмат Алкадыровдун апасы баласын бошотуп алуу үчүн тургундардан тосмо арыз жазып берүүнү суранган. Улан болсо ага Алкадыровдун жактоочусу тосмо арыз тууралуу кыйытып, бул жашоочуларга эле «ыңгайлуу» болот деп ишендирген.

«Документти жасап берет деп күткөнүмө алты жыл болду. Мага эмне пайда? Эми олтуруп, ойлонсун. Биз ага канча убакыт бердик, канча убадасын уктук. Күнүгө убадасын угуп келе жатканыбызга алты жыл болду! Биз тосмо арыз жазып бербейбиз», — деп нааразы болду ал. Урматтын жактоочусу иши көп экенин айтып, «Клооптун» кабарчысына маек берүүдөн баш тартты.

Азыр Алкадыров «Алдамчылык» жана «Ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлк укугуна ээ болуу» беренеси менен соттолуп жатат. Кылмыш ишинде 12 эпизод бар, анын ичинен экөө Жунусалиев көчөсүндөгү үйгө тийиштиги жок.

Бирок азыр сот жүрүп жатат, үйдүн жашоочулары алар сатып алган батирлердин тагдыры эмне болот түшүнбөй турушат. Айна тергөөчү менен сүйлөшкөнүн минтип эскерет: «Биз андан “Банктан келип бизди көчөгө чыгарып салбайбы?” деп сурасак, ал “Банк үчүн кимсиңер? Силер эч ким эмессиңер. Силерди билбейт, ал эми Урматты таанышат. Эгер сот Урматты бошотсо анда көчөдө каласыңар” деп айтты. Бизди чочулаткан дагы ушу. Эми сот кандай чечим чыгат, белгисиз».

                                                           Редактор: Дмитрий Мотинов / «Клооп»

Материал «Ашар» командасы тарабынан даярдалды. «Ашар» — бул Kloop Media фондунун, «Клооп» редакциясына байланбаган долбоору.

«Ашар» адамдарга укуктарын коргоого жардам берет жана мамлекеттен өз милдетин аткарууну талап кылууга үйрөтөт. Аны менен катар, коомдогу маанилүү көйгөйлөрдү чечүүнүн башка жолдорун табууга көмөктөшөт. «Ашар» командасы кайрылган кишилердин көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет, чагылдырат, тиешелүү органдардан жооп алат, кайрылуу жазат жана көйгөйдүн оң чечилишине аракет жасайт.

«Ашардын» командасы бир көйгөйдү толугу менен чечүү менен, келечекте ушул сыяктуу башка көйгөйлөрдүн чечилишин жеңилдетүүгө умтулат. Бул жарым жартылай же толук автоматташтыруу аркылуу ишке ашырылат. Ал үчүн «Ашар» маалыматтарды талдоо ыкмаларын, машиналык үйрөтүүнү колдонот, андан тышкары атайын программалык камсыздоо иштеп чыгат.

«Ашар» каалаган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар, органдар жана кыймылдар, ошондой эле жеке адамдар менен кызматташууга даяр.