«Финансылык автономия». Президент мамлекеттик беш ЖОЖго өзгөчө макам берди

Президент Садыр Жапаров «Жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол коюлду. Документке ылайык, беш мамлекеттик ЖОЖ өзгөчө макам алып, аларга «кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия» берилет.

Президенттин басма сөз кызматынан жарлыктын максаты «мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу» экенин белгилешти.

Өзгөчө макам төмөнкү окуу жайларга берилет: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университети.

Бул окуу жайлар бир катар маселелерди чечүүгө өз алдынча катыша алышат, алардын ичинде бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык системасынан тышкары мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарда банк эсептерин ачууга, ошондой эле билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштерден каражат түрүндө киреше алууга укуктуу. Ошондой эле, каражатты ЖОЖдун ишин жакшыртууга жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жумшаса болот.

Мындан тышкары аталган ЖОЖдор окугандардын санын өз алдынча аныктап жана бар болгон аянттарды жана ЖОЖдун башка шарттарын эске алуу менен, студенттерди кабыл алуу планын беките алышат. Ошондой эле өз алдынча көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча эмгек акы төлөөгө жумшалуучу каражаттардын үлүшүн аныктоого укук алышат. Ички түзүмдүн кызматкерлеринин саны да өз алдынча аныкталат.

Аталган ЖОЖдор ошондой эле төмөнкү укуктарга ээ болушат:

  • ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун жана аталышын, алардын ишин уюштуруу тартибин, ошондой эле аларды башкарууга жана персоналына карата талаптарды өз алдынча аныктоого;
  • аудиттин эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын көз карандысыз тышкы же ички (ЖОЖ ичиндеги) аудитордук текшерүүнү кошпогондо, 3 жылдык мөөнөткө текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн бошотууга
  • өз алдынча көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө), ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды тескөөгө;
  • – 2022-жылга каралгандан төмөн эмес көлөмдө мамлекеттик билим берүү гранттарын алууга;
  • ЖОЖдордун юридикалык жактын статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрүнө капиталдык жана учурдагы оңдоо, аларга бекитип берилген, алардын балансында турбаган материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү менен байланышкан финансылык чыгымдарды аталган бөлүмдөрдүн бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметаларынын чегинде жүргүзүү укугун берүүгө.
  • акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө;
  • окугандардын санын өз алдынча аныктоого жана бар болгон аянттарды жана ЖОЖдун башка шарттарын эске алуу менен студенттерди кабыл алуу планын бекитүүгө;

Жапаров бул жарлык аркылуу бир катар мамлекеттик университеттерди кайрадан түзүп чыкты:

  • илимий-изилдөө университети деген статусту берип, Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясын, А. Токтоналиев атындагы Бишкек финасылык-экономикалык техникумун кошуу менен М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетин;
  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин кошуу менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин;
  • Ош мамлекеттик юридикалык институтун кошуу менен Ош мамлекеттик университетин;
  • Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин, Академик Ү. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин кошуу менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин.

Президент министрлер кабинетине профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөөнүн тартибин өз алдынча аныктоого, лицензия албастан жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүүнү, өз алдынча белгиленген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууну, бакалаврларды жана адистиктерге даярдоо багыттары боюнча окутуу үчүн кабыл алуу эрежелерин өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте демилгелөөнү тапшырды.