«Клооп» Ош шаарындагы бюросуна кыргыз тилдүү журналист издейт. Эгер сиз көз карандысыз журналистиканын эл аралык стандарттары боюнча иштеген басылмада иштегиңиз келсе — анда биз сизден билдирме күтөбүз.

Биз өлкөдөгү кыргыз тилдүү журналистиканын өнүгүшүн каалайбыз жана ушул жаатта аракет кылып келебиз. Окурмандарга сапаттуу, бейтарап, тең салмактуу жана такталган маалыматтарды берүүгө умтулабыз.

Сизден эмне талап кылынат?

Сиз кыргыз тилинде сабаттуу жаза билишиңиз керек жана сөз байлыгыңыз кенен болушу шарт. Ошондой эле аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүүгө ээ, демилгелүү, билимин жогорулатууга ынтызар, жаңы идеяларга ачык, билимин башкалар менен бөлүшүүгө даяр талапкерлерге артыкчылык берилет.

Сиз күнүмдүк окуяларга көз салып, макала даярдоого тема сунуштайсыз, теманын фокусун, макаланын түзүлүшүн аныктап, интервью аласыз. Маалымат чогултуп, макаланы жазып, редактор текшергенден кийин сайтка чыгарасыз. Макаланы түрдүү форматта жазып, анын мазмунуна жоопкерчилик алышыңыз шарт.

Мындан сырткары, «Клооптун» Оштогу бюросу онлайн журналистика мектебин өткөрүп, көз карандысыз кесипкөй журналисттерди даярдап келет. Журналист студенттер менен иштешип, чогуу темаларды талкуулап, материалдарын даярдоодо менторлук кылышы керек. Макаланы текшерип, анын мазмунуна жоопкерчилик алып, даяр болгон соң сайтка чыгарат.

Жумуштун өзгөчөлүгүнө байланыштуу кызматкерлер 24/7 бою байланышта болот. Өтө зарыл жана чукул кырдаалдарда негизги жумуш убактысынан сырткары да материал даярдап чыгарат.

Талапкерлерден келген билдирмелер алгач каралып, андан кийин тандоодон өткөндөр маектешүүгө чакырылат. Маектешүүдөн кийин вакансияга ылайык келгендер аныкталып, бир ай сыноо мөөнөтү менен ишке алынат.

Айлык акы маектешүү учурунда айтылат.

Төмөнкү билдирмени шилтеме аркылуу кирип 1-августка чейин толтуруп жибериңиз.

Билдирмеге шилтеме: https://forms.gle/oQsEcDhmU3X463Zz7