Соцтармактагы нааразылыктан соң өлкөнүн Украинадагы консулу журналист Турдукуловго жолукту

Украинадагы кыргыз элчилигинин консулу соцтүйүндөгү нааразычылыктан кийин иликтөөчү журналист Адил Турдукулов менен жолугууга макул болду. Буга чейин Турдукулов Киевдеги элчиликтен интервью алууга мүмкүн болбогонун Твиттерге жазган.

Бул маалыматка активист Умай Арыкова дагы реакция жасады. Арыкова Кыргызстандын Укрианадагы элчиси Идрис Кадыркулов жана дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери Кыргызстандын көзкарандысыз журналисттерине жарандардын социалдык турмушу тууралуу интервью берүүдөн баш тартып жатат деп айтып чыккан.

Арыкованын арызы

Активист бул жагдайды иликтөө үчүн Фейсбуктагы барагы аркылуу президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстандын ТИМне да кайрылган.

«Биздин чет өлкөдөгү элчиликтер ким үчүн иштейт? Мен түшүнүп турам: геосаясий маселелер, бейтарап позиция. Эмнеге Идрис Кадыркулов жеке өзү жана элчилик Украинадагы аскердик аракеттерди эмес, жарандардын социалдык турмушун, айрыкча Кыргызстандан керек болсо Борбор Азиядан чыккан ийгиликтүү адамдарды чагылдырган биздин көзкарандысыз журналисттерге маек куруудан баш тартып жатат», — деп жазган Арыкова.

Активист «ушул тапта стратегиялык мааниси өзгөчө болуп турган элчиликти башкарууну чекистке тапшыруу — бул одоно ката» деп белгилеген.

«Биздин элчи салык төлөөчүлөрдүн акчасынын эсебинен эмне иш кылып жүргөнүнөн кабарыңар барбы?» — деп бийликке кайрылган.

Арыкова «Кыргызстандын элчилери жана ТИМдин басма сөз кызматы Лавровдун(Сергей Лавров — Орусиянын ТИМнин башчысы) оозун карап, Кыргызстанды санкциялардын экинчи соккусуна калтырып жатканда, журналисттер Украинада тынчтыкты сактоочу, дипломатиялык миссияны ишке ашырып жатат» деп эсептейт.

«Журналисттер тең салмакты сактоого жана өлкөлөр ортосундагы жылуу мамилени сактап калууга көмөктөшүп, биздин арабыз биз ойлогондон да жакын экенин, мамилелерибизди сактап кала аларыбызды жандуу мисалдар менен көрсөтүүдө. Өзү кызыкчылыгын коргоп жүргөн өлкөнүн жаранын кабыл алуудан баш тартуу — Украинадагы элчинин деңгээлиби?» — деп жазган ал.

Умай Арыкова «Клоопко» курган маегинде Турдукулов менен консулдун жолугушуусу бул маселе соцтүйүндө көтөрүлгөндөн кийин болгонун айтты.

«Журналисттер Украинага келери менен элчилик менен байланышып, консул менен маек уюштуруп берүүнү өтүнүшкөн. Алар элчиликке алдын ала суроолорду жөнөтүшкөнн, бирок он күн бою жооп келген эмес. Кийин элчилик кыргызстандыктарды суракка алып, Турдукулов эмнени тартканы келгенин такый башташкан. Алар мекендештер менен жолугууга тоскоолдуктарды жаратып, атайын кызматтай иштей башташкан. Консул менен жолукканда деле камера өчүк кезде бир нерселерди айтып кутулган, болбосо биз жарандардын социалдык жашоосу тууралуу сюжет тартып жатабыз», — деди Арыкова.

Материал жарыяланган учурда президент Садыр Жапаровдун жана Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркуловдун басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

ТИМден кандай жооп беришти?

Тышкы иштер министрлиги «Клоопко» журналист Адил Турдукулов 18-июлда Кыргызстандын Украинадагы консулу менен жолукканын билдирди. Алардын маалыматына ылайык, Турдукулов аларга кайрылаары менен дароо кабыл алышкан.

ТИМ журналист менен болгон жолугушууда элчиликтин ишмердүүлүгү, Кыргызстандын жарандарын Украинадан эвакуациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жана жалпы эле өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берилди деп ишендирди.

«Кыргызстандын Киевдеги элчилиги кыргызстандыктар менен ар дайым байланышта болууну колдойт», — деп белгилешти министрликтен.

Укрианада азыр толук масштабдуу согуш жүрүп жатат. Орус аскерлери 24-февралда Украинанын аймагына бастырып киришкен. Орусия бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатындагы «атайын операция» деп атап жатат. Жай тургундар ракетадан коргонуу үчүн метродо жана жер төлөөлөрдө жашынууга аргасыз болууда. Украинада ошондой эле кыргызстандыктар да жашайт — алардын көпчүлүгү согуштук аракеттер башталганда эвакуацияланган.

Кадыркуловдун элчи болуп дайындалышы

Идрис Кадыркуловду элчилик кызматка президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 25-январында өзү дайындаган. Андан бир күн мурун Кадыркуловдун талапкерлиги парламенттик комитетте каралып, бирок колдоо тапкан эмес. Депутаттар Кадыркулов «биометрикалык чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендерине» байланыштуу чуунун шартында УКМКнын төрагалыгынан кеткенин эске салышкан.

Кадыркуловдун отставкасына анын 2018-жылдын аягында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова менен бейформалдуу жолугушуусу себеп болгон. Жолугушууда чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендери талкууланган.

Шаикованын айтымында, жолугушууда ошол кездеги президенттин санариптештирүү боюнча кеңешчиси Дастан Догоев жана документтердин бланктарын жасоо боюнча европалык компаниялардын өкүлдөрү болушкан. Кадыркулов Шаиковага швейцариялык «КБА НотаСис С.А.» басмаканасы менен «кызматташууну сунуштаган».

Бирок Шаикова сунуштан баш тарткан, анткени МКК биометрикалык чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендерин жолугушууга чейин жарыялаган болчу.

Кадыркулов парламенттин комитетинин 26-январдагы жыйынында бул жолугушуу кокусунан болгонун айтып, паспорт чыры кызматтан кетирүүнүн себеби болгонун билдирген.

Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспорт сатып алуу үчүн 2018-жылдын күзүндө тендер жарыялаган, анда Garsu Pasaulis компаниясы уткан. УКМК ММКнын үч кызматкерин тендерди утуп алган компанияга «тиешеси бар» деп кармаган.