Кыргызстандын футбол боюнча аялдар курамасы CAFA Women’s Championship’те коло байге багынтты

Кыргызстандын футбол боюнча аялдар курамасы CAFA Women’s Championship эл аралык турниринде коло байге багындырды.

Кыргызстандык футболчулар төрт матчын бирин утушкан, оюндун биринде тең чыгып, эки оюнда жеңилип калган.

Жыйынтыгында атамекендик спортчулар куржунга коло медаль алып келишкен. Кыргызстандык футболчулар тажикстандык атаандаштарын 1:0 эсебинде уткан.

Турнирде биринчи орун Өзбекстандын курамасына тийген, ал бардык матчтта жеңгең. Күмүш медалдарды Ирандын футболчулары камсыздашкан.

CAFA Women’s Championship Дүйшөмбүдө өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ирандын курамалары катышты.