Бир кадр менен: Президент Садыр Жапаров Каркыра жайлоосундагы иш-чарада

23-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районунда жазуучу, коомдук ишмер жана Кыргызстандын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына жана Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага президент Садыр Жапаров дагы катышты.

Иш-чара Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болду. Жапаровдон тышкары салтанатка экс-президент Роза Отунбаева, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөт башчылар дагы келди.

Маареке 22-июлда башталган. Ачылышына Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов катышкан.

Түгөлбай Сыдыкбеков

Жазуучу, романист Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Ал 1928-жылдан 1931-жылга чейин Бишкектеги айыл чарба техникумун окуган. Андан соң Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтун бүтүргөн.

Ал эмгек жолун ошол эле жылы «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы болуп иштеп баштаган. Сыдыкбеков 1937–1947-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеп, кийин СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Анын «Күрөш» деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу «Биздин замандын кишилери», «Зайыптар», “Тоо балдары», «Тоо арасында», «Көк асаба» романдарынын автору. Мындан сырткары, «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошуп, орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон.

Түгөлбай Сыдыкбеков СССРдин III даражадагы Сталиндик сыйлыктын лауреаты болгон. Ага эгемен Кыргызстандын тарыхында эң алгач Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

Советбек Жумадылов

Ал эми Советбек Жумадылов 1932-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылында туулган. Ал 7-классты аяктап эле мугалим болууну чечип, педагогикалык окуу жайына тапшырып окуп калат. Ал окуу жайды аяктаган соң 1948-жылы Ташкент шаарындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна тапшырып, аны 1953-жылы аяктайт.

Жумадылов алгачкы эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драм театрынан баштап, өмүрүнүн акырына чейин ушул театрда эмгектенген.

Советбек Жумадылов театрда да, тасмаларда да ролдорду чеберчилик менен аткарып, унутулгус образдарды жаратканы менен эл оозуна алынган. Ал жузуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн», «Ричард III» жана башка көптөгөн спектаклдарды ойногон.

Мындан сырткары, ал «Биринчи мугалим», «Бакайдын жайытында», «Ак мөөр», «Ак баранын көз жашы» жана башка көптөгөн тасмаларда ролдорду ойногон.