COVID-19: Бишкек «сары» зонага кирди

Бүгүн 25-июлдагы маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Бишкек «сары» зонага өтүп жатканын, ал эми республиканын калган аймактары «жашыл» зонада калып жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министринин айтымында, бүгүнкү күнү өлкөдө COVID-19’дун 128 жаңы учуру катталган.

«Бул анча деле көп эмес. Кооптонууга негиз жок. Биздин система баарына даяр», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле кырдаал курчуп же зарылчылык жарала турган болсо шаарда айрым чектөөлөп киргизилери айтылды: беткап жана ондон ашык адам чогулганда аралыктан иштөө режими.

Министр вакцина вирус менен күрөшүүнүн жалгыз жолу экенин белгиледи. Калк арасында Pfizer жана Moderna эң популярдуу болуп жатканын, аталган вакциналардын көтөгөн өлкөдө каттоосу бар экенин кошумчалады. Мындан тышкары, министрди милдетин аткаруучу августтун башында Covax механизми аркылуу 100 миң доза Pfizer вакцинасы күтүлүп жатканын айтты.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы өлкөдө учурда «Синофарм» гана вакцинасы бар экенин тастыктады.

Буга чейин Республикалык штаб Кыргызстанда COVID-19’ду жугузгандардын саны өсүп жатканын кабарлаган. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да билдирип, коронавирус илдетин жуктургандардын саны 30%га өскөнүн айткан. Бийлик COVID-19’дун кезектеги толкунуна — койкалар, дары-дармек жана дарыгерлер даяр деп ишендирүүдө.

Штабдын соңку маалыматына ылайык, пандемия башталгандан 18-июлга чейинки аралыкта өлкөдө коронавирустун 201 704 учуру аныкталган.

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.