Кара-Суу району: Савай каналына агып кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды

Кара-Суу районунда Савай каналына түшүп агып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу 23-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

6 жашар наристенин Савай каналына агып кеткени 22-июлда белгилүү болгон.

Издөө иштерине ӨКМден жалпы 21 куткаруучу, ИИМден 18 кызматкер, 30 жеригиликтүү тургун тартылып, баланын сөөгү 23-июлда кечки саат 20:23тө табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

17-июлда дагы ушундай эле окуя катталган. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 4 жашар кыз сууга чөгүп кеткенин кабарлашкан. Кыздын сөөгү дагы деле изделүүдө.