Иллюстративдик сүрөт

Лөлү тектүү 20 жаштагы Асадбек — Ош шаарынын тургуну. Лөлү тектүүлөр аймакта азчылыкты түзөт. Ал эми Асадбек — азчылык өкүлдөрүнүн арасындагы азчылык өкүлү — ал ЛГБТ-коомдоштугунун мүчөсү.

Асадбек бизге кыскача маек курууга макул болуп, бул коомчулуктагы ЛГБТ-адамдардын жашоосу жана кыйынчылыктары жөнүндө айтып берди.

*ЛГБТ деген аталыш лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендерлердин коомдоштугун билдирет. Негизи квир коомдоштугу мындан да кенен — сексуалдык иденттүүлүктүн көптөгөн түрү бар.

Ал эми сексуалдык ориентация адамдын кайсы жыныстагы кишиге романтикалык же сексуалдык кызыгуусу болгонунан аныкталат. Мисалы, эркек кишиге эркек жакса, ал гомосексуалдуу болот.

*Каарманыбыздын суранычы менен аты өзгөртүлүп берилди.

«“Гейлигин жоготконго” аракет кылышат»

Асадбектин айтымында, ал өзү жашаган коомчулукта ЛГБТ-адамы экенин билдирбегенге аракет кылып жашайт. Жакындары сексуалдык ориентациясы тууралуу билип калса кабыл ала албайт деп коркот. Анын айтымында, чөйрөсүндөгү башка ЛГБТ-адамдары деле ушундай эле жашайт.


«Бизде ЛГБТ-өкүлдөрү бекинип жашашат. Үй-бүлөсү билип калса, ооруканага алып барып, “гейлигин жоготконго” аракет кылышат. Мен дагы дарыгерге барып көргөм, бирок бул нерсе менде эмес, жүрөктө экен. Азыр деле өзүмдү толук кабыл ала элекмин. Үйдөгүлөр билип калса, өлтүрүп салабы деп корком», — дейт ал.


«Мен жашаган аймакта ЛГБТ-өкүлдөрү бири-бирин колдойт»

Асадбектин айтымында, лөлү тектүү адамдардын арасында башка да ЛГБТ-адамдары бар — алар бири-бирине колдоо көрсөтүшөт. Асадбек алар өнөктөштөрүн көбүнчө соцтармактардан табышарын айтат.

«ЛГБТ-адамдары бири-бирин колдойт, себеби түшүнөт. “Мен кандай болсом, алар да ошондой” деп, эмне керек болсо жардам берет»

«Уятка калбоо үчүн үйлөнүүнү чечтим»

Асадбектин дарыгер болом деген кыялы көр турмуштун айынан ишке ашпай калган. Ал азыр башка тармакта иштеп жан багат.

Учурда үйлөнүп, Орусияга барып иштеп келсемби деп ойлонуп жүрөт. Азчылык коомундагы ЛГБТ-өкүлү үйлөнүү менен коомчулуктун басымынан арылганга аракет кылат.

«Ошо мен дагы күлкүгө калбайын, туугандарымдын алдында уялбайын, анан менин үстүмөн күлбөсүн деген ой. Бирок азыркы учурда деле үстүмдөн күлүп жатышат. Анан үйдөгүлөр мени үйдөн кууп жибербесин, ориентациямды билип калбасын деп үйлөнүүнү чечтим», — дейт ал.

Асадбек өзү жашаган аймактагы элдин жашоо-шартына канааттанбайт. Ал учурда кара жумуш менен болсо да аймактын жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошсом дейт. Ал эми негизги кыялы — коом азчылык коомдоштугунун өкүлдөрүн басмырлабай кабыл алса.

Материал Unit журналисттер жана активисттер коомунун колдоосу менен даярдалды.