Маймыл чечеги микроскоп менен караганда. Сүрөт: ДССУ/CDC Жаңылыктары.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) маймыл чечегинин тутанышын 23-июлда эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал деп жарыялады. Бул аталган уюм эпидемияга же памдемияга ыйгара турган коркунучтун эң жогорку деңгээли болуп саналат.

«Клооп» маймыл чечеги тууралуу учурда белгилүү болгон бардык маалыматтарды чогултуп, негизги суроолорго жооп издеди.

Маймыл чечеги деген эмне?

Маймыл чечеги — бул ДССУ 1980-жылы толук жеңилди деп тааныган кадимки чечек оорусуна караганда адатта жеңил түрдө өтүүчү жугуштуу оору.

Маймыл чечеги эң алгачкы жолу 1970-жылы сүрөттөлгөн, бирок окумуштуулар бул ооруу мурда эле тараган, болгону 1970-жылга чейин аны кара чечектен айырмалай албай келишкен деп болжошкон.

Оорунун биринчи учурлары 2003-жылы АКШда катталган. Илдет акыркы жолу 2017-жылы Нигерияда катталган.

Маймыл чечеги адатта адамдарга жапайы жаныбарлардан жугат — мисалы, кемирүүчү жаныбарлардан, кан же биологиялык суюктукка кол тийгизгенде, тиштеп алганда же жакшы бышпаган этти жегенде.

Белгилери

Маймыл чечегинин кадимки белгилери — дене табы көтөрүлүп, б аш катуу ооруйт, лимфа бездери шишийт (бул аны кадимки чечектен айырмалап турат), бел жана тарамыштар ооруп, катуу алсыздык байкалат.

Адамдын дене табы көтөрүлгөндөн бир-үч күндөн кийин денеде жаралар пайда боло баштайт — ал көбүнесе бетке, алаканга, таманга чыгат, бирок ал ооздун ичинде, жыныс органдарында жана көздө да пайда болушу ыктымал. Убакыттын өтүшү менен ал өзгөрөт, ичине суу толгон сөөлгө окшош жарага айланып, андан соң кургап түшүп калат.

Вирус кантип жугат?

Инфекция адамдан адамга аба аркылуу жана ооруган адам менен тыгыз байланышта болгондо жугат. Теридеги жаралар жана андагы суюктук дагы жугуштуу, ошондуктан ал кийим, шейшеп, сүлгү жана идиш-аяк аркылуу да жайылышы мүмкүн. Ал эми аба аркылуу болсо инфекция ооруган адам менен көп убакыт «бетме-бет» отурганда жугат.

Орусиянын илимий-популярдуу N+1 интернет басылмасы айрым өлкөлөрдүн Саламаттык сактоо министрликтерине таянып, маймыл чечегин жуктургандардын көбү — эркек менен эркек болуп жыныстык катанашка барган эркектер экенин белгилейт.

«Бул инфекция жыныстык жол менен жугат деген сөз эмес — аны жөн гана ооруну жугузуп алган адамдын териси же ал кийген кийимге кол тийгизүү же болбосо аны менен бир бөлмөдө болгондо деле жуктуруп алууга мүмкүн. Балким, муну менен бийликтегилер аталган коомдогу эркектерди белгиси байкалбаган алып жүрүүчүлөр дал ошолордун катарында болуп калышы мүмкүн деп эскерткилер келип жатат. Андай алып жүрүүчүлөр канча экенин баалоого азырынча эч ким батына элек», — деп жазды басылма.

ДССУнун маалыматына ылайык, 23-июлга карата 75 өлкөдө жана аймакта маймыл чечегинин 16 миң учуру катталган. Андан жалпы 5 адам каза тапкан.

Маймыл чечеги канчалык кооптуу?

Көп учурда маймыл чечеги өзү айыгып кетүүчү оору — белгилери эки аптадан төрт аптага чейин сакталат, андан кийин өзү эле өтүп кетет.

ДССУнун маалыматына ылайык, маймыл чечегинен улам өлүмдүн деңгээли вирустун түрүнө жараша 1%дан 10%га чейинки көрсөткүчтө турат. Африкада жалпысынан маймыл чечегинин эки түрү жайылган: борбор африкалык жана батыш африкалык түрлөрү. Экинчиси жеңили деп эсептелет. «Медуза» басылмасы бул түрүн жуктургандар чанда гана оорукана жатууга муктаж экенин жазат.

Демек, ДССУнун билдирүүсү эмнени түшүндүрөт?

Маймыл чечегинин тутануусун эл аралык мааниде өзгөчө кырдаал деп жарыялоо чечими ДССУнун Өөзгөчө кырдаалдар комитетинин жыйынында кабыл алынган.

ДССУнун башчысы Тедрос Адан Гебреисустун айтымында, бул маселеде комитет мүчөлөрү бир пикирге келе албай коюшкан, бирок ал вирустун жайылышы боюнча кырдаал эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаалдын белгилерине дал келерин белгиледи.

ДССУнун башчысы өзгөчө кырдаал жарыялоо чечими беш көрсөткүчтүн негизинде кабыл алынарын, алардын бири вирустун жайылышынын ылдамдыгы экенин атады. Анын айтымында, маймыл чечеги мурда катталбаган өлкөлөрда тез жайылып кеткен.

Аэропортто беткап тагып жүргөн киши. Сүрөт: БУУ-аялдар.

Ал маймыл чечегин жуктуруп алуу тобокелдиги дүйнө жүзүндө орто экенин, бирок Европа аймагында ал жогору бааланып жатканын белгиледи.

«Ошондой эле эл аралык деңгээлде жайылуу коркунучу бар, анткен менен учурда эл аралык ташуулар үчүн тоскоолдук жаралуу коркунучу төмөн», — деп кошумчалады ал.

N+1 басылмасы ДССУ эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалды көп деле жарыялай бербесин жазат. Алардын маалыматына ылайык, акыркы 15 жылдын ичинде мындай анда алты жолу гана болгон: 2009-жылы сасык тумоо, полиомиелит, Эбола, Зика вирусу жана COVID-19 учурунда.

«Тутанып жаткан илдетке жаңы макам берүү — формалдуу гана процедура, ал мамлекеттерди инфекцияны жайылтпай кармап калышы үчүн олуттуу чараларды көрүүгө түртөт», — деп жатат басылма.

Гебреисус маалымат жыйынында ДССУнун чечими «дүйнө жүзүн бирдиктүү аракеттерге түртөт» деп үмүт артты.

Маймыл чечегин дарыласа болобу?

Маймыл чечегин башка инфекциялар сыяктуу эле айыктыруучу атайын дары жок. ДССУ бейтапка кам көрүү оорунун белгилерин жеңилдетип, ошондой эле күчөп кетүүсүн жана узак мөөнөттү кесепеттерин алдын алууну камсыздашы керек деп белгилейт.

Бирок АКШ жана Европа Биримдигинде тековиримат деп аталган препарат катталган. АКШда ал чечекти гана, ал эми Европа Биримдигинде маймыл чечегин дагы даарылоо үчүн каралган. Мисалга алсак, бул препарат маймыл чечегин дарылоо үчүн Улуу Британияда колдонулуп жатат.

А бирок, негизи, оору көп учурда өзү эле өтүп кетет — чынында ал үчүн бир нече апта теридеги исиркектен кыйналууга туура келет.

Мындан тышкары, ДССУ маймыл чечегине каршы кадимки чечек оорусуна каршы делген вакцинаны да колдонсо болорун айтууда. Уюмдун маалыматына ылайык, ал 85%га чукул учурда натыйжалуу.

Чечек оорусуна каршы вакцина. Сүрөт: Wikipedia.

ДССУ мурда кадимки чечекке каршы эмделгендер маймыл чечегинин жеңил түрү менен гана оорушу мүмкүндүгүн белгилейт. Бирок кадимки чечекке каршы эмдөө 1980-жылы вирус жеңилгенден кийин токтотулган, ал эми вакцинанын камы бардык эле өлкөдө бар эмес.

Ошондой эле АКШда маймыл чечегине каршы эмдөөгө болот деген лицензияны алган JYNNEOS вакцинасы бар. Бирок ал кеңири колдонула элек.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги даяр

24-июнда Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечегин эпидемиологиялык көзөмөлгө алуу, иликтөө жана катнаштарга байкоо жүргүзүү боюнча убактылуу көрсөтмөлөрдү бекиткенин билдирген. Анда тобокели жогору өлкөлөрдөн келген жарандарга көзөмөлдү күчөтүү, оорулуу аныкталган учурда вирусологиялык лабораториялардын жана инфекциялык бөлүмдөрдүн даярдыгына байланыштуу иш-чаралары көрсөтүлгөн.

«Медицина кызматкерлеринин арасында исиркек жана дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу клиникалык белгилерди аныктоодо дарыгерлердин кыраакылыгын жогорулатуу, ошондой эле, эгер катталган учурлар болсо аны иликтөө жана бейтаптар менен байланыш түзүү боюнча окутуу семинарлары өткөрүлүүдө», — деп билдиришкен министрликтен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдүн аймагында маймыл чечеги катталган учурлар жок.

Орусияда маймыл чечегинин биринчи учуру 12-июлда катталган. Ал Европадан келген жаш жигиттен аныкталган.