Ош: Архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары көлгө чөгүп каза тапты

Айбек Жетимишов

Ош регионалдык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жетимишов көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 24-июлда болгон. Жетимишов Ысык-Көлдөгү «Кейсар» эс алуу борборунда жүрүп көлгө чөгүп кеткен.

Аны суудан алып чыгышып, аймактык ооруканага жеткиришкен. Бирок ал жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей көз жумган.

Жетимишов 51 жашта болчу. Ал Ош облусунун Алай районунда төрөлгөн.

Маркум 2000-жылдан баштап Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгында, андан соң Жалал-Абад шаарында иштеген.

Ошто башкармалыктын башчысынын орун басары болуп 2018-жылдан бери эмгектенип жаткан.