Ысык-Көл: Темир жол курулушунда байыркы скифтердин коргону табылды

Курулуп жаткан темир жолдун «Балыкчы–Кочкор» тилкесинде байыркы скифтердин коргондору — көрүстөндөр табылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын айтымында, Маданият министрлиги көрүстөндөрдү археологиялык эстеликтер жана тарыхый-маданий мурастын объектилери деп тапты.

«Табылгаларды сактоо режимин камсыздоо жоопкерчилигин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы өзүнө алып, андан ары археологдор менен дөбөлөрдүн абалын аныктоону талкуулап, аларды казуу жана кайра көмүүнү каржылоо чечимин кабыл алды», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Азыркы тапта казуу иштери узундугу 540 метрди түзгөн тийиштүү жерде жүрүп жатат. Ал эки айга созулат.

Эске салсак, ушул жылдын июнь айынын соңунда Кочкор өрөөнүнө коюлган байыркы аялдын сөөгү табылган.

Сөөк таш менен курчалган шакекченин так ортосуна коюлуп, атайын таштан жасалган үкөккө коюлган, анын үстү чоң плита менен жабылган.

Анологиялардын жана коргондордун конструкциясынын негизинде сөөктөр биздин заманга чейинки VII-IV кылымдарга тиешелүү болушу мүмкүн деген варианттар айтылган. Бирок табылганын жаш курагы тууралуу тагыраак маалымат терең изилдөөдөн жана көмүлгөн сөөктөрдү радиоуглероддук анализден өткөргөндөн кийин гана билүүгө болот.

Скифтер деген ким?

Скифтер — биздин заманга чейинки 8-4-кылымда жашаган, иран тилдүү байыркы эл.

Алардын жалпы маданий белгилери: искусстводогу жырткыч стили, курал-жарактары (кыска «акинак» кылычы, анчалык чоң эмес ичке жебелери бар жаа), минип жүрүүгө мүнөздүү жабдыктар кирет.

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.