«Достуктун» 7-кабатынан кулап каза тапкан кыздын иши боюнча кылмыш иши козголгон жок

Милиция үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкектеги «Достук» мейманканасынын 7-кабатынан белгисиз шартта кулап каза тапкан кыздын иши боюнча кылмыш ишин козгогон жок. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициядан окуядан кылмыштын курамы табылбаганын белгилешти.

3-майда Бишкекте 27 жаштагы кыз «Достук» мейманканасынын 7-кабатынан «белгисиз шартта» кулап каза тапкан. Кыз алган жаракаттарынан улам ошол эле жерде, тез жардам келгенге чейин көз жумган.

Ал учурда милиция аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталганын айткан болчу.