Ысык-Көлдө чөгүп кеткен төрт жашар кыз 10 күндөн бери табылбай жатат

Ысык-Көлдө чөгүп кеткен төрт жашар кыз табылбай жатканына он күн болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына наристенин энеси Кенжегүл Бейтилешева кабарлады.

Анын айтымында, издөөнүн алгачкы беш күнүнөн кийин кызды издеген кызматкерлердин саны азайып кеткен жана учурда иш жай болуп жатат.

«ӨКМден суранарым, болушунча күч менен жакшы издеп беришсе. Мындан сырткары, элден дагы жардам сурайбыз. Себеби көл жээктерин караганга ыктыярчылар керек болуп жатат. Күн сайын жаңы үмүт менен табылып калар деп жатабыз», — деп кайрылды кыздын апасы.

ӨКМДин өзүнөн издөө иштерине учурда үч топто издөө ишин алып барып жаткан 10 куткаруучу тартылганын айтышты.

Наристе Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 17-июлда ата-энеси менен эс алып жүргөн убакта чөгүп кеткен.

Адам чөгүп баратканда эмне кыларын билесизби?

Эл арасында сууга чөгүп бараткан адам кол булгап жардам сурап кыйкырат деген миф бар. Бирок ИИМдин маалыматына ылайык, чөккөн адам кыйкыра албайт — андайда аба жетпейт, чамасы жетпейт.

Биздин ТикТок каналыбыздан сууга чөгүп бараткан кишинин белгилер кандай болорун көрсөңүз болот.

@kloopnews

Вы не боитесь плавать?

♬ оригинальный звук - kloopnews

Материалдын автору: Аделя Именова.