Чүй ОИИБ: Кичи автобуста аялды кемсинткен адамга карата териштирүү башталды

Чүй облустук милициясы маршруткада аялды башка улутта болгону үчүн кемсинткен адамга карата тергөөгө чейинки териштирүү ишин баштады.

Буга чейин социалдык тармактарда белгисиз адам маршруткада бара жаткан аялды улуту тууралуу айтып, кемсинткени тууралуу видео тараган.

Чүй ОИИБдин маалыматына ылайык, окуя 29-июлда Манас айылында каттаган 380-кичи автобуста болгон.

Милиция кызматкерлери шектүүнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө алып барып, суракка алышты.

«Анын мас абалда болгонун медициналык экспертиза тастыктады. Анан негизинде кишиге карата чечим кабыл алынат», — деп белгилешти милициядан.

Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Бишкекте №152 кичи автобуста белгисиз эркек киши люкту ачып койгон аялга кол көтөргөн.

Жабырлануучунун айтымында, ал кызы менен маршруткага түшүп, ысыктан люкту ачып койсо, сакалчан адам аны колу-башка урган. Аял дароо арыз жазганын, бирок милиция чара чөрбөгөнүн айтып даттанган.

Ал эми Свердлов РИИБи аялга кол салууга шектелип 34 жаштагы киши кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилгенин белгилешкен.