Активист Илгиз Шаменов УКМКга сурак берди

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, активист Илгиз Шаменов 2-августта УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбук барагына жазды.

«УКМКдан сурактан чыктым. Буйруса мен айтып жаткан фактылар менен Бишкек ЭЭА, Айыл чарба министрлиги текшерилмей болду», — деп жазды ал.

Илгиз Шаменов УКМКнын имаратынын алдында. Сүрөт: Шаменовдун Фейсбук барагынан.

Буга чейин Шаменов атайын кызматка «Бишкек эркин экономикалык аймагы» (ЭЭА) менен Айыл чарба министрлигиндеги финансылык бузуулар тууралуу маалымат бергенин билдирген. Анын айтымында, «Бишкек» ЭЭА тарабынан мамлекетке 118 миллион сом зыян келтирилгени, жана Айыл чарба министрлигиндеги 975 млн сом зыян тууралуу сөз болуп жатат.

Бул материал жарык көрөрдө «Клооп» УКМКдан Шаменовдун суракка чакырылышы боюнча маалымат ала алган жок.

Илгиз Шаменов Бишкек шаардык кеңешине «Социал-Демократтар» партиясынан депутат болгон. Акыркы учурда ал соцтүйүндөрдө «Бишкек» ЭЭАны жана мекеменин жетекчиси Кудрет Тайчабаровду активдүү сындап келет.