«Баткен лотереясы». УКМК жүгүртүүсү 70 млн сомду түзгөн мыйзамсыз лотереяны аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткенде мыйзамсыз лотереяны аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, «Баткен лотереясы» деп аталган лотереянын уюштуруучулары унаа жана кыймылсыз мүлк утту деп жалган жеңүүчүлөрдү жарыялап, бирок аларга эч нерсе беришкен эмес. УКМКдан бир билеттин баасы 2-3 миң сом болгонун, лотереянын биринчи турунда 2 800 адам катышканын кошумчалашты.

«Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жүгүртүүнүн божомол суммасы 70 миллион сомду түзөт», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Басма сөз кызматтан лотереяны мыйзамдуу түрдө уюштуруу үчүн атайын лицензия керектигин белгилешти. Аталган фактынын негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланып жатат.

Материалдын автору: Аделя Именова.