Бактияр Токторов, италиялык блогер жана Оскар Бентон

Италиялык блогер кыргыз ырчысы Бактияр Токторовдун «Буй буй» ырына бийлеп, соцтармактарда кызуу талкууга алынды. Ал арада аталган ырдын авторун плагиатка айыпташты. Ал эми Токторов ыр өзүнүкү экенин жана аны патенттештиргенин айтууда. Эмне болуп жатканын түшүндүрөбүз.

Эмне болду?

12-июлда италиялык тиктокер Алессандро Карузо Токторовдун «Буй буй» ырына бийлеп видео жүктөдү. 600 миңден ашык катталуучусу бар блогер жүктөгөн видео 4 млн жолу көрүлгөн.

Соцтармактарда резонанс жаралып, көпчүлүк муну сыймыктануу менен кабыл алган. Кийинчерээк журналист Элмира Мадиева ырдын түп нускасы башка экенин айтып чыкты.

«Бир тайпада Бактияр Токторовдун "Буй-буйунун" түбү башка экенин айтам деп таландыда калдым. Анча-мынча чет элдик ырларды да уга жүрүш керек өзү. Бактияр Токторов ал ырдын ыргагын кыргыз табитине келтирип, оодарган. Бирок ырдын изюминкасы буй-буйда болуп атпайбы. Ал бул ырды “2000-жылдары жазгам” дейт маектеринде. А бул ыргак тээ 1973-жылы эле англисче Bensonhurst Blues деген аталыш менен чыккан», — деп жазды Мадиева баракчасында.

Мадиева айткан Bensonhurst Blues ыры америкалык музыканттар Арти Каплан жана Арти Корнфилдге таандык. Чыгарма 1971-жылы чыккан.

Аталган ырдын кайырмасында да «буй-буй» деп бир нече жолу кайталанып айтылат.

«Чыгармачыл адамды күйгүзбөйлү»

Кыргызстандын Франциядагы элчиси, экс-депутат жана кинорежиссёр Садык Шер-Нияз Токторовду колдоп чыкты. Бул тууралуу элчи 1-августта өзүнүн Фейсбук барагына билдирүү жарыялады.

«“Буй Буй” ыры боюнча кызуу талаш жүрүп жатыптыр. “Плагиат” дегендери да жок эмес экен. Албетте бул сөздөр чыгарманын аябай популярдуу болуп кеткенинен го дейм. Италиялык блогер да кошумча болду окшойт.

Жеке оюмда бул ырчынын чыныгы ички туюму жана чыгармачылык толгоосу менен жаралган туунду», — деди ал.

Шер-Нияз «ыр плагиат болгондо, эбак эле билинмек» деген пикирде. Ал коомчулукту ырчыны «күйгүзбөөгө» чакырды.

«Эң мыкты текшерүү бул Shazam программасы. Ырды уктуруп көргүлө, ошол программа “буль буль” дебей эле “буй-буй” деп жатса дагы эмнени ойлоп тапканы жатабыз, бурадар. Чыгармачыл адамды күйгүзбөйлү (башымдан өткөн). Андан көрө шедеври менен чын жүрөктөн эле, кадимки айкөл кыргыздын урпагындай болуп эле куттуктап коёлу», — деди ал.

Токторов өзү эмне дейт?

«Биз» тобунун солисти Бактияр Токторов ырдын айланасындагы ызы-чуу боюнча «Клоопко» комментарий берди. Анда ал «Буй буй» ыры өзүнө таандык экенин, 2007-жылы патент да алганын айтты.

«Ыр өзүмдүкү. Негатив айтыла берет. Негизгиси ырдын сөзү да, обону да, аранжировкасы да меники. Өзүм ырдагам», — деди ал.

Токторов анын ыры башка тилдерге которулуп аткарылганын белгилеп, муну менен сыймыктанаарын кошумчалады.