Медведевдин жардамчысы ВКдагы Казакстан боюнча билдирүүнү «бузуп киргендердин» кылыгы деп атады

Орусия Федерациясынын мурдагы президенти, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин «ВКонтакте» соцтүйүнүндөгү расмий барагында 2-авгуска караган түнү СССРди кайрадан куруу ниети тууралуу билдирүү пайда болгон. Аталган билдирүү кайра 10 мүнөттөн кийин эле өчүрүлгөн, бирок аны журналист Ксения Собчак скриншот кылып алып, Телеграм каналына жарыялаган.

Кийин Медведевдин жардамчысы Олег Осипов РИА «Новостиге» маек куруп, экс-президенттин аккаунтуна бузуп кирүү болгонун, чиновник барагында 31-июлдан бери эч нерсе жаза электигин айтты.

«[Медведевдин] барагына ким бузуп кирип, кийин өчүрүлгөн постту ким жазганын “ВКонтактенин” администрациясы жана тиешелүү тараптар териштирет», — деди ал.

«ВКонтактенин» басма сөз кызматы дагы Медведевдин барагындагы билдирүүнү «чоочун колдонуучу» жарыялаганын кабарлады. Компаниядан окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын белгилешти.

Медведевдин барагындагы билдирүүдө эмне деп жазылган?

Билдирүүдө «1990-жылдардын башында жол берилген натыйжасы жаман катачылык оңдолоруна эч кимдин күмөнү болбошу керек» деп жазылган.

«Мындан ары эч качан эгемендик параддары болбойт жана качандыр бир кезде ири жана кубаты күчтүү Советтер Союзун жердеген калктар кайра баштан биргеликте ынтымакта жана ынактык мамиледе жашашат. Ал үчүн биз күчүбүздү да, каражатыбызды да аябайбыз. Биз бул багытта жолубузду баштадык», — деп жазылган Медведевдин расмий барагындагы билдирүүдө.

Аталган билдирүүдө «Киев бошотулгандан» кийин Орусия «эч бир жерден аяктабаган чек арасын толугу менен калыбына келтирүүнү» көздөйт деп дагы жазылган. Постто Орусияга кошулганга чейин «эч качан Грузия деген мамлекет болбогону», ал эми Казакстан «жасалма мамлекет экени, ал мурда Орусиянын аймагы болгону» белгиленген.

«Азыркы кылымда Казакстандын бийлиги республиканын ичинде түрдүү этникалык топторду көчүрүү демилгелерин ишке ашырууну баштады, муну орустарды генноцид кылуу катары квалификациялоого болот. Биз буга көз жумуп коё албайбыз. Ал жакка орустар бармайын тартип орнобойт», — деп айтылган постто.

Бул орус тараптын Казакстанга карата ачыктан-ачык болуп аткан биринчи эле жолку асылуусу эмес. Апрелдин аягында орусиялык теле алып баруучу жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньяндын күйөөсү Тигран Кеосаяндын Ютуб-каналында видео пайда болгон. Анда Кеосаян 9-майда Жеңиш парадын өткөрүүдөн баш тарткан Казакстандын дарегине терс ойлорун айткан.

Видеодо Кеосаян Казакстанда да согуш болуп жаткан Украинадагыдай эле абалга кептелиши мүмкүндүгүн эскерткен. Кеосаяндын айтымында, Орусиянын «жооптуулары» Казакстан менен «алакасынын деңгээлин кайра карап чыкса жакшы болмок».

Буга казакстандыктар видеолорду тартып, орус теле алып баруучусуна жооп бере башташкан. Ал эми 2022-жылдын май айынын башында Казакстандын ТИМи Кеосаянга нон грат персона макамын ыйгаруу процессин баштаганы белгилүү болгон.

Украинадагы согуш

Учурда Орусия Украина менен согушуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында орус аскерлери коңшу өлкөгө ири алкактагы чабуулду башташкан. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында «атайын операция» деп атап жатат.

БУУнун 25-июлга карата маалыматына ылайык, 24-февралдан бери Украинадагы согушта 5 237 жай тургун каза тапкан. Дагы 7 000ден ашык киши жарадар болгон. Анткен менен уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн айтууда. Бул тууралуу украин бийлиги да айтып жатат.

Орусиянын Украинага кол салуусун БУУ жана бир катар дүйнөлүк ири державалар айыпташкан. Алар Орусияга карата бир катар олуттуу санкцияларды салган, бул Орусияны салынган санкциялардын көлөмү боюнча дүйнөлүк лидерге айланткан.

Кыргызстан Украинадагы согуш маселесинде расмий бейтарап позицияны карманып келет. Бирок акыркы кездерде кыргыз жана орус бийлигинин жакындашуу аракеттери байкалууда.

Тема боюнча окуңуз: Империалисттик Кыргызстан. Эмне үчүн өлкөдө Орусияны колдоп жатышат