Иллюстрация: Алина Печёнкина атайын «Клооп» үчүн

Кыргызстанда майыптыгы бар аялдардын саны 96 миңден ашат. Алардын көбү врачка барган сайын кыйынчылыктарга кабылат. Буга ооруканаларга толук кандуу жеткиликтин жоктугу гана эмес, айрым медиктердин орой мамилеси дагы себеп болот. Гинекологдун кабыо алуусунда алардын абалы ого бетер оорлойт.

Каармандардын аты өзгөртүлдү

Аборт — бардык суроолорго жалгыз жооп

Айгерим биринчи топтогу майып. Тогуз айлык кезинде полиомиелит болуп ооруп калган*. Учурда майып арабасы менен жүрөт.

*Полиомиелит — бул полиовирустан улам пайда болгон өмүр үчүн кооптуу оору. Ал адамдан адамга өтүп, омуртка жүлүнүнө кошо жугуп, шал оорусуна алып келиши мүмкүн.

Айгерим 2019-жылы 41 жашында алгач ирет кош бойлуу экенин билген. Ал кезде күйөөсү экөө жаңыдан Бишкекке көчүп келишкен эле. Каттоого туруу үчүн гинекологго барганда албай коюшкан.

«Медиктер “Кантип каттоого алмак элек?”, “Кантип төрөйсүң?”, “Аборт жасатыш керек!”, “Ушундай диагноз менен кантип төрөйсүң?” деп коюшкан. Мындай мамиледен кийин, айрыкча биринчи жолу кош бойлуу болуп жатсаң дароо депрессияга түшөт экенсиң. Же кубана албай же ыйлай албай калгам», — дейт ал.

Ошентип Айгерим ары урунуп, бери урунуп жүрүп №2 клиникалык төрөт үйүнө каттоого турган. Бирок түйүлдүккө алты жума болгондо сасык тумоо болуп калып, боюнан түшүп калган.

Арадан бир жир жарым жыл өткөндөн кийин Айгеримдин боюна бүткөн. Ал убакта үй-бүлө Бишкектин башка тарабында жашап жаткан, анда дагы поликлиника гинекологдун каттоосуна коюудан баш тарткан. Кийин ошол эле поликлиникада иштеген врач кесиптештеринен суранып, Айгеримди каттоого тургузууга көмөктөшкөн.

Бул жолу түйүлдүк өспөй калган, Айгерим дагы бир жолу боюнан алдыртууга аргасыз болгон.

«Бир нече айдан кийин кайрадан кош бойлуу болдум, депрессияга кабылдым. Эми мени ким каттоого алат деп сарсанаа болуп, туулган айылыма кетип калдым», — дейт Айгерим.

УЗИге түшкөндө жергиликтүү дарыгерлер Айгеримге кош бойлуулуктун экинчи жумасында экенин, бирок түйүлдүк өспөй калганын айтышкан. Медиктер кайра аборт жасатууну сунушташкан.

«Аборт жасатуу үчүн кайра Бишкекке келдим. УЗИ балам алты жумалык экенин көрсөттү. Дарыгерлердин айтканына карабай, аборт жасатпайм деп чечтим. Эмне кыларымды билбей Гүлмира Казакуновага кайрылдым, ал мага каттоого турууга жардам берди», — деп эскерди Айгерим.

Учурда Айгеримдин кызы 10 айга толду.

Гүлмира Казакунова — «Теңдик» майыптыгы бар адамдар бирикмесинин төрайымы. Ал Айгеримдин окуясы адаттагы эле көрүнүш экенин, майыптыгы бар он аялдын сегизине кош бойлуу кезинде баштапкы консультация берүүдөн жана каттоого тургузуудан баш тартышарын айтат.

Казакунованын айтымында, коомчулукта майыптыгы бар аялдарда «аялга тиешелүү нерсенин баары болбойт» деген стереотип бар. Көпчүлүк андай аялдар гинекологиялык ооруларга чалдыкпайт, алар кош бойлуу боло албайт, ал фантастика деп ойлошот.

Гүлмира Казакунова

«Эгер [майыптыгы бар аял] кош бойлуу болуп калса, [гинекологдор] дароо эле айнытып, абортко жиберип салгысы келет, коркутушат — психологиялык басым жасашат. Мындан улам аялдар стрессте жүрүшөт. Айрымдары депрессияга түшүп калат, башкалары басым алдында абортко барышат», — деп түшүндүрдү Казакунова.

«Төрөгөнгө болбойт, жыныстык жашоодон баш тартышы керек деп ойлошот»

Алтынай үч жашка чыга электе жол кырсыгына учураган. Колу-бутунан оор жаракат алгандыктан майып арабада жүрүүгө мажбур.

Алтынай азыр 41 жашта, гинекологго көрүнүү үчүн жеке клиникаларга барганга туура келет — мамлекеттик ооруканаларда пандустар жок.

«Мамлекеттик ооруканаларга тепкич менен гана кире аласың. Мени ал жактан көтөрүп чыгарган эч ким жок. Мамлекеттик оруканалардан сени өйдөдөн карашат. Тыңгылыктуу тейлешпейт. Майыптыгы бар адамдарга, айрыкча аялдарга кенебестик кылышат. Бизди таптакыр төрөбөшү керек, жыныстык жашоодон баш тартышы керек деп ойлошот», — деп нааразы болду ал.

Алтынай 2010-жылы кош бойлуу болуп, жеке клиникага каттоого турган. Курсагындагы балага сегиз ай болгондо наристесин сактап калуу үчүн ооруканага жатыш керек болот. Бирок менчик клиникада стационардык шартта дарыланууга болбогондуктан, Алтынайды Бишкектеги №6 төрөт үйүнө жөнөтүшөт. Төрөт үйүндө аны дарыгерлер кабыл алуудан баш тартышкан.

«Ал жакта мени жаткырып карагыдай шарт деле жок болчу. Дааратканалар менен палаталар ыңгайсыз, тыңыраак жууна турган бөлмөсү да жок болчу. Мен, майып арабасында отурган адам катары, ал жакта жата алмак эмесмин. Үйдөн деле дарылансаң болот, “корко тургандай деле нерсе жок” дешти. Ошентип үйдө жаттым. Кудайга шүгүр, жакшы болуп кеттим», — деп эскерди ошол күндөрдү Алтынай.

Алтынай тааныштары аркылуу төрөтө турган акушер-гинеколог издөөгө аргасыз болгон.

«Бизде, тилекке каршы, жада калса жеке клиникалар [майыптыгы бар аялдарды] төрөткүсү келбейт. Коркушат. Ал кезде №4 төрөт үйүндө гана жаңы төрөлгөн ымыркайлырдын реанимациясы бар болчу, ошондуктан мени ошол жерге жиберишкен», — дейт аял.

Гүлмира Казакунова майыптыгы бар аялдар гинекологдун кызматын толук кандуу ала албаганынын дагы бир себебин айтат — креслого чыгып отурууга мүмкүн эмес. Ал гинекологдун иш бөлмөсү өйдө көтөрүп же ылдый түшүрүүгө ыңгайлуу гидравликалык кресло менен жабдылышы керек деп түшүндүрдү.

Негизи эле Кыргызстанда медициналык мекемелер майыптыгы бар адамдарга ыңгайлашкан эмес дейт «Теңдик» уюмунун башчысы.

«Кыргыз акушерлерлеринин альянсы» уюмунун директору Асел Орозалиева дагы Казакунованын айткандарын бышыктыды — гинекологиялык бөлмөлөрдө чындап эле кыймылы чектелүү адамдарга ыңгайлуу боло турган атайын креслолор жок.

                                                                  Иллюстрация: Алина Печёнкина атайын «Клооп» үчүн

«Ынак чөйрө»

35 жаштагы Беназир дагы авариядан улам коляскага отуруп калган.

Ал 2020-жылы Бишкекте гинекологго кайрылууга аргасыз болгон. Анткени төрт ай мурда аборт жасаткан болчу.

Беназирди дарыгер орой кабыл алып, кенебес мамиле жасашкан.

«Гинеколог керек болсо гинекологиялык креслого отургузбай койду. Жөн гана кушеткага жаткырып, үстүртөн эле карап, баары жайында деп койду. Болбосо дарыгерге ооруп жатканын айткам», — деп эстейт ал күндү Беназир.

Ал бул клиникага дагы бир ирет консультацияга барууга туура келгенин, анда дагы буга чейинкидей эле мамилеге кабылганын айтат. Бирок бул жолу аны башка дарыгер көргөн.

«Акушерлердин бирикмесиндеги» Орозалиева майыптыгы бар аялдар дайыма эле гинекологдордун басмырлоосуна же бөлүп-жаруусуна кабылбайт деп эсептейт. Анын айтымында, медиктер майыптыгы бар адамадарды кабыл алууда ынак чөйрөнү камсыз кылууга аракет кылышат.

Ал эми 2020-жылдан тарта, Орозбаеванын айтымында, врачтарга алардын майыптыгы бар адамдарга карата мамилесин өзгөртүү үчүн тренингдер өтүлүп келет.

Бирок, Гүлмира Казакунова майыптыгы бар аялдар дагы деле дарыгерлердин орой жана кенебес мамилелерине туш болуп жатканын айтат. Бул майыптыгы бар аялдар жылдар бою гинекологго барбай калган абалга алып келүүдө.


Эгер сиз майыптыгы бар адам болсоңуз, зомбулукка же турмуштук кыйынчылыктарга кабылган болсоңуз, сизге «Теңдик» майыптыгы бар адамдар бирикмеси жардам бере алат — ал жерде билим берүү, социалдык жана жумуш менен камсыздоо жардамы берилет.

Телефондор: 0-771-627-525, 0-700-627-525

Электрондук дарек: ravenstvokg@gmail.com, ravenstvo-ik@mail.ru

Ошондой эле кризисттик борлорго кайрыла аласыз — бул жерде карта бар, андан өзүңүзгө жакын жердегисин таба аласыз.