Салык кызматы алкоголсуз суусундуктарга акциздик ставканы 1 сомго чейин азайтты

Мурда алкоголсуз суусундуктарга акциздик салык ставкасы литрине 10 сом болсо, азыр бир сомго чейин азайтылды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, мындай токтомду минкаб 29-июлда кабыл алды.

Ошондой эле Салык кызматынан 2022-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү жана импортоого акциздик салык салына турганын эскертти.

Сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундукка кумшекердин же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыт берүүчү кошулмалары бар минералдык жана газдалган суусундуктар кирет.