Мамлекеттик айыптоочу БУУнун Рузиев боюнча чакырыгын «Кыргызстанга басым» катары баалады

Каракол шаардык сотунда жасалма медициналык маалымкатты колдонгон деп айыпталган укук коргоочу Камил Рузиевдин иши боюнча тараптардын жарыш сөзү аяктады. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Рузиев өзү билдирди.

Анын айтымында, сотто мамлекеттик айыптоочу «Документтерди жасалмлоо» беренеси боюнча укук коргоочунун күнөөсү толугу менен далилденди деп билдирип, аны беш жылга эркинен ажыратууну, бирок мунапыска байланыштуу бошотууну суранган.

«Сотто адвокатым кылмыш ишин козгоодо жана аны тергөөдө өтө көп бузуулар болгонун айтты. [Мисалы, мындай иштерди УКМК тергебеши керек]. [Ошондой эле] УКМК сотко алып келген документтер жоопкерчиликке тартуу боюнча документтер болуп эсептелбей турганын айтты», — деди укук коргоочу.

Ал сотко күбө катары келген Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Рузиевге берилген медициналык маалымкат расмий документ эместигин айтканын кошумчалады.

«Биз сотко БУУ Кыргызстанды мага карата кылмыш ишти токтотууга чакырганы тууралуу документтерди көрсөткөндө аларды ишке тиркешти. [Бирок сотто] мамлекеттик айыптоочу БУУну НАТО (АКШ, Канада жана Европанын көпчүлүк өлкөлөрүн бириктирген аскердик-саясий блок — ред.) менен алмашытырып алып, муну Кыргызстанга басым деп атады. [Ал ] бул жерде болуп жаткан иштерге аралашууга (БУУнун) укугу жоктугун айтты. Анан калса, биз Ооганстанда эмес, укуктук өлкөдө жашап жатабыз дейт», — деп билдирди Рузиев.

Укук коргоочунун айтымында, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салышкан. Ал судьяга медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берүүнү суранып кайрылган. Сот бул өтүнүч боюнча азырынча чечим кабыл ала элек.

Каракол шаардык соту Камил Рузиевдин иши боюнча өкүмдү 12-августта чыгарышы керек.

Рузиевдин иши

Камиль Рузиев — «Вентус» укук коргоочу уюмунун жетекчиси. Ал 20 жылдан ашык убактан бери кыйноолордон, зомбулуктан жапа чекккендердин кызыкчылыктарын коргоп, адамзатына каршы жасалган кылмыштарды чагылдырып, юридикалык жардам көрсөтүп келет.

Камиль Рузиев кармалгандан кийин аны колдоо боюнча коомдук кампания башталган. Иллюстрация: Татьяна Зеленская.

2015-жылы аны милиция кызматкерлери кыйнап, мындан ары Каракол ТИЗОсунун ишин текшербеси жана жабыркагандардын укугун коргобосу тууралуу тилкат жазып берүүнү талап кылышкан. Укук коргоочуну кыйноого алуу боюнча иш кыскартылган.

Тергөөчү Нурбек Токушев укук коргоочунун өмүрүнө бир нече коркунуч келтирген. Токушев Рузиевди курал менен коркутуп, башына табелдик тапанча такагандан кийин кызматынан алынган.

Токушев чет элдикти кыйнап, күнөөнү мойнуна алдырууга аракет кылганы үчүн дагы айыпталган — бул иш боюнча дагы жабырлануучунун кызыкчылыгын Рузиев коргогон.

Укук коргоочу УКМК жана прокуратурага арыз менен кайрылып, тергөөчүнүн коркутуулары менен кыйноолорун иликтөөнү талап кылган. Бирок укук коргоо органдары чара көрбөй койгон. Анда Рузиев УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөн алардын аракетсиздигине даттанып доо арыз жазган.

Андан кийин эле Рузиев, 2020-жылдын 29-майында Каракол шаарында соттон чыгып келе жатканда кармалган. Аталган сотто Рузиевдин УКМКнын жана прокурорго карата доосу каралган болчу.

Укук коргоочуну кармоонун үстүндө иштегендер Рузиев доо арыз жазган УКМКнын кызматкерлери менен түздөн-түз байланышта. Алар Рузиевдин колуна кол кишен салып, убактылуу кармоочу изоляторго киригизишкен. Алар Рузиевде документ жок, тек-жайы аныкталганча изолятордо болот айтышкан.

Рузиевдин паспорту ал учурда судьяда болчу, ал аны алып чыгып көрсөтүп коё алмак, бирок андай мүмкүнчүлү бербей коюшкан.

Ал эки суткага убактылуу кармоочу изоляторго киргизилген, ал эми УКМКдан ЖМКга укук коргоочу «Алдамчылыкка» жана дарыланганы тууралуу медициналык маалымкаттарды жасалмалоого шектелип жатканы айтылган пресс-релиз келген. Укук коргоочу өзү деле дарыланганын жашырган эмес, мурдараак ага кол салуу болуп, ден-соолугу солгундай түшкөнүн айткан. Ал дарыланганы тууралуу маалыматтар амбулатордук картада бар экенин, ооруканада жатканы тууралуу маалыматкаттарды жасалмалабаганын билдирген.

Рузиевдин иши боюнча сот иши 2020-жылы 18-сентябрда башталган. Соттун башталышына жакын иштин материалынан «Алдамчылык» беренеси алып салынган. Рузиев өзү укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу болууда деп эсептейт.

2020-жылдын июнь айынын башында, укук коргоочу үй камагына чыгарылган соттон кийин УКМК мурда Рузиев кызыкчылыктарын коргогон үч кыргызстандыктын видеосун тараткан. Алар видеодо укук коргоочуну алдамчылыкта айыпташкан.

Видео чыгып кеткенден кийин андагы каармандардын бири укук коргоочуга карата эч кандай дооматы жоктугун айткан. Ал эми 2020-жылдын 28-июлунда Рузиевдин иши боюнча күбө катары өтүп жаткан адам Ысык-Көл облусунун ошол учурдагы башчысы Балбак Түлөбаевге арызданып кайрылган. Ал УКМКнын кызматкерлери андан Рузиевге каршы «алдап» көрсөтмө алышканын билдирип, укук коргоочуга каршы кылмыш ишин токтотууну суранган.

2020-жылдын декабрында БУУнун атайын баяндамачысы Мэри Лолор кыргыз бийлигин Рузиевди куугунтуктоону токтотуп, укук коргоочу айткан мыйзам бузуу фатыларын иликтөөгө чакырган. Ал Рузиев укук коргоо органдарындагы кыйноо фактыларын жана алардын ишиндеги кемчиликтерди айтып чыккандан кийин куугунтуктала баштаганын билдирген.

2020-жылдын октябрында Каракол шаардык соту Рузиевдин баш коргоо чарасын жеңилдетип, дарылануусун Бишкекте улантыш үчүн Караколдон чыкканга мүмкүнчүлүк алган. Ошондой эле жасалмалаган деп шектеп жатышкан документтерди экспертизадан өткөрүүгө жол ачылган, себеби тергөө өзү документтерди экспертизага берген эмес. Кийин экспертиза Рузиев медициналык маалымкатты жасалмалабаганын бышыктаган.