UNICEF: Кыргызстанда 200 миңден ашык бала эмгек миграциянын айынан кароосуз калган

Кыргызстанда ата -энеси эмгек миграциясына кеткен 277 миңден ашуун бала кароосуз калган. Бул тууралуу Кыргызстандагы балдардын 2019-жылдан 2021-жылга чейинки абалын анализдеп чыккандан кийин UNICEF билдирди.

UNICEF уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда мигранттардын балдары ар кандай зордук-зомбулукка көп туш болот.

«Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 277миңден ашык бала ата-энесинин камкордугунан ажыраган. Акыркы 4 жылда ички жана тышкы миграция күчөгөн», — деп билдирди UNICEF.

Уюм документ маселесинен улам, мигранттардын балдары билим албай, социалдык жана медициналык кызматтарды алууда кыйналышат, ошондой эле жумуш берүүчүлөр тарабынан эксплуатацияга кабыларын белгиледи.

UNICEF мигранттардын балдарынын турмушу COVID-19 пандемиясынын тушунда начарлап кеткенин белгилейт. Алардын маалыматында, бир ай ичинде эле Бишкекте балдарга болгон үй-бүлөлүк зомбулуктун көрсөткүчү 62%га өсүп кеткен.

«Сурамжылоодон өткөн мигранттардын балдарынын 60,4%нын жашоосу Кыргызстанда COVID-19 чыккандан кийин начарлап кеткен. Алардын үчтөн бири үй-бүлөсү кыйынчылыка туш болуп, акча жетпей, азык-түлүк кымбаттап, ата-энеси жумушсуз калып, үй-бүлөө мүчөлөрүнү ден соолугу начарлаганын айтып беришти. Өлкөдөн сыртка чыгып кеткен мигранттардын үй-бүлөсүнө суроо узатканда, 70,8% учурда медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес», — деп билдиришти уюмдан.

Мигранттардын балдарынын абалын кантип жакшыртууга болот?

UNICEF’дин пикиринде мигранттардын балдарынын абалын жакшыртуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • каттоонун бирдиктүү механизмин иштеп чыгуу;
  • миграция жөнүндөгү маалыматтарды чогултууну өнүктүрүү;
  • бардык адистердин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу;
  • ата-энелердин жана балдардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу.

Уюм өлкөдө мыйзамды оптималдаштыруу керек жана ага «мигрант», «мигранттын балдары», «мигрант балдар» деген түшүнүктү так киргизип, макамын аныктоо зарыл деп эсептейт.

Муну менен катар уюмдан ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балага жалпы билим бере албаган учурда алардын да жоопкерчилигин кароо керектигин белгилешти.

«Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин мигранттардын балдарынын макамы бекитилген эмес. 72 миңден ашык мигранттардын балдары жалпы статистикага кошулган, бирок алар үчүн атайын өзүнчө базага түзүүнүн механизми жок. Балдарды юридикалык жактан каттоо чаралары көрүлүшү керек», — дейт UNICEF.

Уюмдан ошондой эле, балдар жаңы үй-бүлөгө көбүрөөк барышы үчүн камкордукка алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү керек деп эсептешет.