Ысык-Ата РИИБдин эки кызматкери адам өлтүрүү ишине байланыштуу кармалды

Чүй облусундагы Ысык-Ата РИИБдин башчысынын мурдагы орун басары жана тергөөчүсү «Адам өлтүрүү» ишине байланыштуу кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 5-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан бир нече жыл мурда адам өлтүрүү фактысы катталган. Бирок милиционерлер шектүү менен өз ара келишип, ишти суицид катары катташкан.

«Кактус» басылмасы өздүк булактарына таянып, буга чейин маркумга экспертиза жүргүзгөн эксперт кармалганын жазды. Маалыматты көзөмөл органы тастыктады.

Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө жүрүп жатат.