Президент сотторго 300 турак жай салынарып айтып, алардан таза жана адилеттүү иштөөнү талап кылды

Бийлик судьялардын иши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 5-августта Жогорку сотко барып, судьялар менен жолугушууда айтты.

Ал ротацияланган судьяларды кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу, облус борборлорунда судьялар үчүн заманбап имараттарды куруу иштери кызуу жүрүп жатканын белгиледи.

Жапаровдун айтымында, учурда өлкөнүн 40 районунда 300дөн ашык турак жай курулуп жатат.

«Мамлекет тараптан судьялардын иштөөсүнө бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз. Андан кийин сиздерден бир гана талап болот, таза жана адилет иш алып баруу [...] Кудай буйруса жылдын аягына чейин 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет. Төрагалары гана эмес, иштеп жаткан судьяларга чейин үй менен камсыз болот», — деп белгиледи өлкө башчысы.

Президент судьялардын ишинин деңгээлин көтөрүү максатында 2022-жылдын август айынан тарта сот кызматкерлеринин айлык акылары көтөрүлөрүн дагы кошумчалады. Жапаров сот аткаруучулар менен сот приставдарын дагы кызматтык автоунаа менен камсыздоо маселеси каралып жатканын билдирди.

«Сот реформасындагы негизги жана эң маанилүү кадам бул – судьялардын кынтыксыз иштешин, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу менен элдин үмүт-тилегин актоо деп эсептейм. Ошондуктан Жогорку соттун жетекчилигине сот системасында түзүлгөн жагымсыз кырдаалды жөнгө салуу; судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюп, элдин ишенимине ээ болуу; жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө милдеттери жүктөлгөн», — деди ал.

Жапаров үстүбүздөгү жылдын майында жүргүзүлгөн жергиликтүү соттордун ротациясы туура болгонун, ал оң жыйынтык бере баштаганын, ал эми 5-10 жылдан кийин кесипкөй адистер өсүп чыгарын билдирди.

«Ротация – оор процесс. Үй-бүлө менен бир жерден экинчи жерге көчүп барып, жашап, иштеш кыйын. Бирок, бул мамлекет, келечек муундар үчүн абдан жакшы. Бир эле жерде 10-14 жыл отуруп, иштеп калган соттор бар. 150 дело ишти жоготуп жиберген соттор болгон. Бул кандай абал?» — деп суроо салды президент.

Сот системасын реформалоо

Садыр Жапаров бийликке келгенде бир нече ирет сот системасын сындап, сот-укуктук реформасы жүргүзүлөрүн жарыялаган.

«Канчалык ачуу болсо да, калк тарабынан айтылган бир чындыкты тайманбай моюнга алышыбыз керек: өлкөдө сот реформасы жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, сот жана укук коргоо системалары өздөрүнүн негизги функциясын — бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү ишин жетиштүү жана натыйжалуу деңгээлде аткара албай жатат! Коомдо ушундай пикирдин үстөмдүгү сакталып жаткандыгын эскерте кетейин», — деген Жапаров 2021-жылдын 7-июнунда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында.

Ал эми айында Жапаров жергиликтүү соттордун деңгээлинде масштабдык ротация жүргүзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бийлик 312 сот кызматкерин ротациялоо сот тутумунун көз карандысыздыгын камсыздоого, судьялардын адискөйлүгүн жогорулатууга, анын ичинде кызыкчылыктар кагылышы менен коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет деген үмүттө.

Бирок Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулованын пикиринде, ротация сот бийлигинин көз карандылыгын күчөтүп, бийликке ыктабаган судьяларга каршы жаңы курал катары колдонулушу мүмкүн.