Элчилик «Ал-Каиданын» башчысын жок кылган учак Кыргызстандан учурулган деген маалыматты төгүндөдү

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги «Ал-Каида» террористтик уюмунун анабашчысын жок кылган учкучсуз учак «Манас» аэропортундагы АКШнын мурдагы «Ганси» аскер базасынан учурулган деген маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин Пакистандагы англис тилдүү Dawn басылмасы «Ал-Каиданын» башчысын жок кылган учкучсуз учак «Манас» аэропортундагы АКШнын «Ганси» аскер базасынан учурулганын жазган. Бирок маалыматтын булагын так көрсөткөн эмес.

Кыргызстандын Паистандагы элчилиги «Манастагы» жүк ташуучу эл аралык база 2014-жылы жабылып, учурда аэропортто америкалык же башка чет элдик аскердик база жок экенин белгилешти.

«Ал-Каида» уюмунун анабашчысы дүйнөдөгү эң кооптуу террорист атыккан Айман аль-Завахири болчу. АКШ ал 31-июлда Кабулда дрондун соккусунан жок кылынганын кабарлаган.

Мурдагы «Ганси» аскер базасы

«Ганси» аскер базасы 2001-жылдын 11-сентябрында болгон АКШдагы теракттан кийин Америка менен Кыргызстандын макулдашуусунун негизинде ошол жылдын декабрь айында ачылган.

Андан дээрлик 13 жылдан кийин июнь айынын башында «Манас» аба майданындагы транзиттик борбордун жабылуу аземи өтүп, ачкыч кыргыз тарапка тапшырылган.

Ал эми COVID-19 пандемиясы башталган учурда «Ганси» авиа базасынын аймагында чет өлкөдөн келген кыргызстандыктар үчүн обсервация ачылган.

Августта, адам өлүмү азайган мезгилде, өкмөт мурдагы «Ганси» авиабазасындагы «Семетей» обсервациясын 1000 орундук жугуштуу оорулар менен күрөшүү ооруканасына айлантарын кабарлаган.