Саламаттык сактоо министрлиги: Кандын запасы дээрлик жок калды

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги республикалык Кан борборунда кандын запасы дээрлик жок калганын кабарлады. Ал эми кандын III (В) группадагы запасы такыр эле жок.

6-августта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков орун басары Улан Садыков мене бирге борбого кан тапшырып, элди да кан берүүгө үндөдү.

«Плазма же кан препараттары — бул дарыгерге адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген компоненттер», — деди Касымбеков.

Кан таңкыстыгы

Кыргызстанда жети кан борбору иштейт. Буга чейин республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев борбордо сакталган донордук кандын запасы күн сайын төмөндөп, өлчөмү мурда белгиленгенден эки эсеге азайганын билдирген.

Карабаевдин айтымында, борборго мурда күнүнө орто эмес менен 80-100 адам кан берип турса, учурда алардын саны 10-15ке чамалайт.

Кыргызстанда кан берген туруктуу 3 049 донор бар. Бирок айрым ооруканалар күнү-түнү канга муктаж. Себеби, кээ бир бейтаптар күн сайын кан алмаштырууга муктаж болгон илдеттер менен ооруйт.