Садыр Жапаров «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров 30-июнда парламент кабыл алган «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мыйзамдын максаты «креативдүү иш менен алектенген ишкерлердин ишинин өзгөчө режиминин иштеши үчүн укуктук негиздерди түзүү».

«Креативдүү экономика акыркы жылдары дүйнөлүк экономиканын динамикалуу өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири болуп саналат. [...] Креативдүү индустриалдык парктын түзүлүшү бардык чөйрөлөрдө алардын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн, жумуш орундарынын санынын, жогорку кирешелүү продукциянын экспортунун жана салык төлөмдөрүнүн динамикалык өсүшүн гана эмес, ошондой эле Кыргызстан креативдүү бизнес ачуу, карьералык өсүү жана инвестициялоо үчүн өлкө катары эл аралык жагымдуулугун жогорулатууну билдирет», — деп белгилешти өлкө башчынын администрациясынан.

Кыргызстандын креативдүү индустриялар ассоциациясынын (ККИА) маалыматына ылайык, Кыргызстан ушундай мыйзамды кабыл алган дүйнөдөгү биринчи өлкө.

23-апрелде Бишкекте CREATE4KG Кыргызстандын креативдүү индустриялары фестивалы өткөн. Сүрөт: президенттин сайты.

Мындан ары эмне болот?

Президент кол койгон мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бирок, бул мыйзам толук кандуу иштеши үчүн буга чейин кабыл алынган мыйзам жана кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

Эми минкаб парламентке «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү» жана «Социалдык төлөм тарифтери жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун жибериши керек. CABAR.asia аналитикалык порталы бул документтерде Креативдүү индустриялар паркында катталган креативдүү индустриялар компаниялары канча пайыз салык төлөшү керектиги жазыларын белгилейт.

«Эми, минкабдын кандай ишмердүүлүктөрдү Креативдүү индустриялар паркына катоого болорун жана негизи эле парк кандайча түзүлөрүн түшүндүргөн токтому чыгышы керек», — деп жазды портал.

Креаторлор тизмесине баш-аягы креативдүү ишмердүүлүктүн 20 түрү кирди. Алардын арасында IT, медиа искусство, интерьер дизайны, көркөм өнөр, музыка, кино, видеопродакшн, графикалык дизайн, кол өнөрчүлүк, мода индустриясы, ЖМК жана башкалар кирди.

Кыргызстандагы креативдүү экономика

«Креативдүү экономика» термини биринчи жолу илимий колдонууга 2000-жылы киргизилген. Адатта бул түшүнүк интелектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасы катары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга негизделген экономиканын өзгөчө сектору болуп эсептелет.

Апрель айында Садыр Жапаровдун «Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Президент өз жарлыгынын алкагында өлкө экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүү үчүн негиз түзүүнү токтом кылды. Ал креативдүү индустриялар секторун экономиканын жаңы тармагы катары илгерилетүүгө мүмкүндүк бериши керек.

Кийинчерээк минкаб 2022-2026-жылдарга карата Кыргызстанда Креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн концепциясын бекиткен.

30-июнда парламент депутаттары «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамды кабыл алышкан. Андан кийин Креативдүү индустриялар ассоциациясынан Кыргызстан Борбордук Азиядагы креативдүү экономиканын борбору болуп калуу мүмкүнчүлүгү пайда болду деп билдиришкен.