«Апрель» телеканалы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун иши тууралуу иликтөө жарыялады. Иликтөөдө журналисттер «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн Фонд Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын айтып беришти.
«Клооп» иликтөөнү кыскача баяндап берет.
Фонддун иши
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 1997-жылы негизделген. Өкмөттүн макулдашуусуна ылайык, Кумтөр кенин казып жаткан «Кумтөр Голд Компани» ай сайын Фондго өткөн айда түшкөн дүң кирешесинин 1%ын, АКШ доллары менен төгүп турат.
Фонд Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын бюджеттен тышкаркы каржылоо ишин алып барат. Акчаны кайда жана эмнеге жумшоо керектигин Фонддун Байкоочу кеңеши чечет.
Кеңештин курамы облустун ар бир шаарынан жана ар бир районунан көрсөтүлгөн талапкерлерден куралат. Кеңештин курамын Министрлер кабинетинин башчысы бекитет.
Баары УКМКнын кызматкерлери үчүн
Иликтөөдө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын башчысы Самат Медеров учурда алар медиктерге жана мугалимдерге үй куруу планы бар экенин айтат, бирок ошол эле учурда «бүгүнкү күнгө чейин көбүнесе укук коргоо орган кызматкерлери үчүн жатаканалар курулганын» моюндаган.
Журналисттердин айтымында, Медеров 1990-жылдардын ортосунан тартып 2000-жылдын башына чейин Ысык-Көлдөгү керектөөчүлөр коомдунда бухгалтер, андан кийин «Кооператив» пансионатынын башкы эсепчиси, кийин райондук финансылык башкармалыгынын салык инспектору жана башкы адиси болгон.
Бирок 2004-жылы УКМКга ишке кирген, ал эми 2012-жылы атайын кызматтын бөлүм башчысы болуп көтөрүлгөн. Ал эми 2021-жылдын январында, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, Медеров алгач Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башчысынын орун басары, андан соң директору болуп бекиген.
Иликтөөдө Фонд 2021-жылы 1 млрд 40 млн сом коротууну пландаганы айтылат. Анын ичинен, Медеровдун айтымында, саламаттык сактоо тармагына 27 млн 217 миң сом берилген.Бирок журналисттер аталган сумманын дээрлик жарымы — 13 млн сомдон ашуун — атайын кызматта иштегендер дарылана турган УКМКнын ведомстволук ооруканасын курууга жумшалганын белгилешет.
Иликтөөдө УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрү «Ысык-Көл фондунун каражаттарын муктаждыктарына чоң сугалактык менен коротушары» айтылат.
Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыгына 47 млн сомдон ашык каражат короткон. Бул каражаттын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (225 миң доллардан ашуун)* — 2021-жылы коротулган.
*«Клооп» Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун Башкаруу боюнча дирекциянын 2021-жылга карата мамлекеттик сатып алууларын карап чыкты. Андагы маалымат боюнча, жалпы 22 млн 161 сомго 5 жолу тендер өткөрүлгөн.
«УКМКнын райондук башкармалыктары үчүн Фонд жибек килемдерди, дорожкаларды, муздаткыч, кир жуучу машина, плазмалуу сыналгы, беш чөйчөктүү кеңсе люстраларын, ак түстөгү “ВАЗ Нива” машинасын, жетекчи үчүн стол жана креслолорду, видеокамерасы бар фотоаппарат, айнек журнал столун, керебет жана жумшак эмеректерди сатып берген. [Ошондой эле Фонддун акчасына] имараттар, ашканалар жана чекисттер машыккан спорт залдары оңдолгон, УКМКнын башкармалыгы үчүн автотранспортту тейлөө жана жууй турган станция курулган.
2021-жылы Фонд турак үйлөрдү кура баштаганда чекисттер үчүн чыгымдар көбөйүп баштаган», — деп белгиленет иликтөөдө.2021-жылы Фонд бөлгөн каражатка төрт батирлүү эки үй курулган: бирөө Кызыл-Суу айылында, аянты 292 чарчы метр (бул үйдүн тендери 2020-жылы жарыяланган), экинчиси Чолпон-Ата шаарында курулган, аянты 280 чарчы метрди түзөт. Эки үйдүн курулушуна жалпы 20 млн сомдон ашык каражат кеткен (250 миң доллардан жогору). Кызыгы, Кызыл-Суу айылындагы үйдүн курулушуна Чолпон-Атадагы үйгө караганда дээрлик эки эсе көп каражат коротулган.
Иликтөөчүлөр эмне үчүн мындай айырма чыкканын сурашканда, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду андай маалымат сот чечими менен гана берилерин айтып, жооп берүүдөн баш тартышты.
Журналисттер оңдоп-түзөөгө же дагы башка нерсени сатып алууга муктаж болуп турган мектеп жана ооруканалардын жетекчилери Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна үмүт артышпасын деле айтканын белгилешет. Иликтөөчүлөр материалда Түп райондук аймактын ооруканасында турган 65 миң калкка ылайыкталган эски рентген аппаратын көрсөтүшкөн.
«Оорукананын кызматкерлери бардык инстанцияларга кайрылып көрүшкөн, бирок болгону Саламаттык сактоо министрлигинен портативдик аппарат алышкан. Ал деле керектүү жабдуудан башка болуп чыккан. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна дагы кайрып көрүшкөн, [бирок азырынча майнап жок]», — деп белгилешет журналисттер.
Караколдо 2018-жылы УКМКнын кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курулган. Жаңы батирдин ачкычтарын чекисттерге ошол кезде парламент спикери Дастан Жумабеков тапшырган.
Бирок иликтөөдө аталган үй курулган жерди мурда коңшу мектеп футбол талаасы катары бейформал колдонуп келгени айтылат.
«Кайсы бир ыкма менен [УКМКнын кызматкерлери] жерди алышыптыр», — дейт Каракол шаарындагы №15 мектептин кызматкери Асан Черикчиев.
Азыр бул мектептин эки кабаттуу бир эле корпусу бар. Жанында курулуп бүтө элек экинчи корпусу турат. Журналисттер мектептин директору корпусту бүтүрүү үчүн 9 жылдан бери каражат таба албай жатканын белгилешет.
Ысык-Көлдө жалпысынан авариялык абалда деп табылган 32 мектеп бар. Ысык-Көл облусу авариялык мектептеринин саны боюнча өлкөдө үчүнчү орунда турат. Мектептердин эски имараттары окуучулардын көзүнчө урайт, бирок балдар жаңы мектептердин жоктугунан араң турган имараттарда билим алууга аргасыз.