Текст түрүндөгү баяндоого карап сүрөттөрдү жарата ала турган нейрондук тармактар тууралуу билесизби? Мисалга, сиз «Кыргызстан» деп жазсаңыз, ал Кыргызстан тууралуу элестөөсүнөн сүрөт жаратат.
Биз кыргызстандык дизайнерлердин жана белгисиз авторлордун нейрондук тармактар аркылуу Кыргызстан тууралуу жасаган сүрөттөрүн бир жерге топтодук.
Midjourney
Анын арасында дизайнер Нурбек Насыранбековдун Midjourney нейрондук тармагынын жардамында жараткан сүрөттөр бар.
Ал «Манас», «Бишкек», «кызгалдак талаасындагы кыргыз кызы», «кыргыз аялдары», «боз үйдүн фонунда турган атчан баатыр» деп жазып төмөнкү сүрөттөрдү алган.
Dall-E
Дизайнер Алексей Лысогоров болсо Dall-E нейрондук тармагы аркылуу сүрөттөрдү жараткан. Бул тармактын өзгөчөлүгү — ал сүрөттү тандалып алынган белгилүү сүрөтчүлөрдүн стилинде тартып берет.
Биз Midjourney’ден Кыргызстанга байланышкан башка да сүрөттөрдү издеп, он чактысын таптык. Бул сүрөттөр кимдин сурамы менен жаралганы белгисиз.
Мындан сырткары өзүбүз да бир нечесин жасап көрдүк.