Текст түрүндөгү баяндоого карап сүрөттөрдү жарата ала турган нейрондук тармактар тууралуу билесизби? Мисалга, сиз «Кыргызстан» деп жазсаңыз, ал Кыргызстан тууралуу элестөөсүнөн сүрөт жаратат.

Биз кыргызстандык дизайнерлердин жана белгисиз авторлордун нейрондук тармактар аркылуу Кыргызстан тууралуу жасаган сүрөттөрүн бир жерге топтодук.

Midjourney

Анын арасында дизайнер Нурбек Насыранбековдун Midjourney нейрондук тармагынын жардамында жараткан сүрөттөр бар.

Ал «Манас», «Бишкек», «кызгалдак талаасындагы кыргыз кызы», «кыргыз аялдары», «боз үйдүн фонунда турган атчан баатыр» деп жазып төмөнкү сүрөттөрдү алган.

"Манас"/Нурбек Насыранбеков
"Кыргыз аялдары"/Нурбек Насыранбеков
"Кызгалдак талаасындагы кыргыз кызы"/Нурбек Насыранбеков
"Бишкек"/Нурбек Насыранбеков
"Боз үйдүн фонунда турган атчан баатыр"/Нурбек Насыранбеков

Dall-E

Дизайнер Алексей Лысогоров болсо Dall-E нейрондук тармагы аркылуу сүрөттөрдү жараткан. Бул тармактын өзгөчөлүгү — ал сүрөттү тандалып алынган белгилүү сүрөтчүлөрдүн стилинде тартып берет.

"Айыл велосипедисти", 1895-жыл, сүрөтчү Поль Сезанндын стили/Алексей Лысогоров
 "Кыргыз сулуусу", 1880-жыл, Пьер Огюст Ренуардын стилинде/Алексей Лысогоров
"Ысык-Көл", 1890, Поль Гогендин стилинде/Алексей Лысогоров
"Аламүдүн капчыгайы", 1890-жыл, Эдгар Деганын стилинде/Алексей Лысогоров
"Чүй өрөөнүнүн койчусу", 1905-жыл, Анри Матисстин стилинде/Алексей Лысогоров
"Аксакалдын портрети", 1885-жыл, Винсент ван Гогдун стилинде/Алексей Лысогоров
"Кышкы кыргыз жери", 1910-жыл, Чайльд Гассамдын стилинде/Алексей Лысогоров
"Дарбыз сатуучу", 1910-жыл, Пьер Боннардын стилинде/Алексей Лысогоров
"Тоого терезе", 1890-жыл, Валентин Серовдун стилинде/Алексей Лысогоров
"Боз үйдөгү кыз, 1880-жыл, Клод Моненин стилинде/Алексей Лысогоров

Биз Midjourney’ден Кыргызстанга байланышкан башка да сүрөттөрдү издеп, он чактысын таптык. Бул сүрөттөр кимдин сурамы менен жаралганы белгисиз.

"Кыргызстандын жаратылышы"
"Көчмөн кыргыз боз үйү"
"Кара чач кыргыз кызы"
"Койлор"

Мындан сырткары өзүбүз да бир нечесин жасап көрдүк.

"Илим-билимге умтулган кыргыз кыздары"/Айбике Адилет кызы
"Жайлоодогу кыргыз аялынын жумуштары"/Айбике Адилет кызы
"Кечки тамак үстүндө"/Айбике Адилет кызы
"Кыргыз айымдары"/Айбике Адилет кызы
"Тоолор"/Айбике Адилет кызы
"Ысык-Көл"/Айбике Адилет кызы