«Суусуз калабыз». Эки-Нарындын тургундары Жетим-Тоонун аймагынан алтын казууга каршы митингге чыгышты

Жаңылык 21:30да жаңыланды.

Нарындын Эки-Нарын айылынын 80ге чукул тургуну Жетим-Тоодогу Чырпыкты суусу агып өткөн аймактан алтын казууга каршы облустук администрациянын алдына митингге чыгышты. Чогулгандар «Голд Контент» компаниясынын лицензиясын артка кайтарууну талап кылып жатат.

Митингдин уюштуруучуларынын бири, айыл аксакалы Турдубек Ибраев «Клоопко» эгерде компания кен казып баштаса, Жетим-Тоону бойлоп өткөн Чырпыкты суусу жана каналы жараксыз абалга келип, айыл эли ичүүчү жана сугат суусуз каларын айтты.

«Жетим-Тоодон төрт гектар жерден алтын казабыз деп жатышат. Айылдан жети километр өткөндөн кийин эле Жетим-Тоо башталат. Эки суунун ортосу. Кен казса ошол сууну казышат, суу чыкпай калганы жатпайбы. Төрт метр казгандан кийин суу чыкмак беле?» — деп наарызы болду ал.

Нарын облусундагы митинг.

Акциясынын катышуучулары «Голд Контет» ишканасына кен казууга лицензия берилгенге чейин эле каршы чыгышканын айтып, бийлик аны эске албаганын белгилешти.

«Эл колунан келген оокатын кылып атышат. Бийликтен жол салып бер, суу чыгарып бер деп митингге чыккан жокпуз. Барып ошол жердин жаратылышын көрүп эле өзүңүз эле кой дейсиз да. Кенедей суубуз болсо, ошону эмнеге элден талашасыңар? Ичип аткан суубузду эмнеге талашасыңар?» — деп суроо салды митингге келген айымдардын бири.

Активист Асылбек Орозбековдун видеосу

Нарын облусунун активисти, Эки-Нарын айылында өскөн Асылбек Орозбеков Чырпыкты суусу Жетим-Тоодон түшөрүн белгилеп, Жетим-Тоо же Чырпыкты казылса, мөңгү эрип жок болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал «жарандык активист катары Жетим-Тоонун казылышына макул эмес» экенин белгилейт.

«Көпчүлүгү Чырпыкты Жетим-Тоого тиешеси жок, же болбосо ал жердин мөңгүгө, сууга тиешеси жок деген мааниде айтып жатышат. Мен айтып коёюн, азыркы Чырпыкты да, андан өйдө Ардакты, Кең-Саз деген бар, ошол суунун баары Жетим-Тоодон түшүп келет. Зыяны Чырпыктыга да тиет деп айтып жатсак, “Географияны билесиңби? Башка кыла аласыңарбы? Силер көрдүңөр беле” дегендер бар экен. Мен ошол жактын кулуну катары айтып коёюн, барып ошол жакты карап алышсын. Бардык суу Жетим-Тоодон келет», — деди ал.

Облус башчысы эмне дейт?

Митингге чыккандер менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жолукту. Ал кен казылчу жерди барып көрүп келерин айтып, ага дейре «бир дагы техника барбайт» деп ишендирди.

«Жетим-Тоо боюнча сөз жок. Мен мыйзам чегинде иш алып барам. Мыйзам бузуулар болсо ошого жараша чара көрүлөт. Элдин үнү угулат. Мыйзам бар. Чечилбеген маселе болбойт, ал үчүн эрк жана каалоо керек. Мен жерине барып өзүм таанышам. Эч кыжаалат болбогула», — деди Эргешов.

Ал эми Нарын облустук администрациянын басма сөз кызматы жашоочулар Нарын районундагы Чырпыкты аймагынан кен казууга жана техникаларды киргизүүгө каршы митингге чыкканын белгиледи. Алар Чырпыкты аймагы Жетим-Тоо тоо кыркасына кирбейт деп ишендиришүүдө.

Ошондой эле облустук администрация айрым ЖМКлар «митинг Жетим-Тоо алтын кенин иштетүүгө каршы уюштурулду» деп жазганын белгилеп, бул маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

«Митингде Чырпыкты аймагындагы "Голд Контент” компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө гана маселе көтөрүлгөнүн билдиребиз», — деп кошумчалашты администрациядан.

Жетим тоодогу кен казуу чыры

Эки-Нарын айылынын тургундары кен казууга каршы болуп, «Голд Контент» ишканасын лицензиядан ажыратуу талап кылып келет. Алар үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда да митинг уюштурушкан.

2020-жылдын сентябрь айында Эки-Нарын айылынын Чырпыкты аймагындагы жер казынасын пайдаланууга аукцион өткөн. Анын баштапкы суммасы 1950 долларды түзүп, аукциондо 3200 АКШ доллар сунуштаган «Голд Контент» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган.

«Голд Контент» 2020-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн, негиздөөчүсү жана директору катары Болотбек Куланбаев көрсөтүлгөн. Ишкана табигый асыл жана жарым асыл таштарды казып алуу менен алектенет.

Буга чейин «Клоопко» Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын жетекчиси Дамир Оморов «Голд Контент» компаниясы алтын казуу үчүн каттоодон өтпөгөнүн билдирген.

«Мыйзам боюнча лицензия алгандан кийин бизден дагы каттоодон өтүп, экспертизанын жыйынтыгы менен уруксат алышы керек, андай кылышкан эмес», — деген ал.

Оморовдун айтымында, компания кен казуу үчүн эл менен жолугушуу уюштурган, бирок экотехинспекцияга кабар беришкен эмес.

«Эгер компания бизге айтса, анда биз Чырпыктыны текшермекпиз. Элге зыяны тийбейби, баарын текшерип, анан макулдук кагазын беребиз. Министрликке чалсам, ал жактан дагы корутунду албаптыр», — деп кошумчалаган ал.

Ал эми экотех инспекциянын айткандары боюнча маалымат алуу үчүн «Голд Контент» ишканасы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эки-Нарын айылы Нарын шаарынан 45 киллометр алыс жайгашкан. Аталган айылга караштуу Жетим-Тоо кенине бир катар инвесторлор, алардын арасында кытайлык компаниялар кызыгып келет. Себеби Жетим-Тоо темирдин запасы боюнча дүйнөдөгү экинчи ири кен болуп эсептелет.

Авторлошу: Дилде Шатанова