Бир кадр менен: Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрү келди

Эркин күрөш боюнча Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгени багындырган үч спортчу — Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарованы «Манас» эл аралык аэропторунда тосуп алышты. Бул тууралуу 15-августта Маданият министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта спортчуларды жана алардын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековду жеңиши менен дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси куттуктаганы кабарланат.

Ислам шериктештиги оюндарынын расмий ачылышы 9-августта Конья шаарында болгон. Ал жактан кыргыз курамасы жалпы 19 байгеге ээ болду — 6 алтын, 6 күмүш жана 7 коло медаль.

Оюндун ачылышында Кыргызстандын желегин балбан Атабек Азизов жана жеңил атлетчи айнуска Калил кызы көтөрүп чыкты.

Чемпионат өзү 10-августтан башталган жана 18-августка чейин созулат. Ага дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн төрт миңге жакын спортчу катышууда. Оюнда спорттун 20 түрү боюнча 483 комплект медаль ойнотулуп жатат. Мелдешке 25 кыргыз спортчусу катышууда.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.