«Башта» басылмасынын журналисттери эмне үчүн Кыргызстанды орус тилинде «Киргизия» деп атабаш керектиги жөнүндө видео тартышты.
Журналисттер Конституцияда өлкөнүн орус тилинде эки аталышы бар экенин эске салышты — Кыргыз Республикасы жана Кыргызстан. Дал ошондуктан Кыргызстанды «Киргизия» деп атоо туура эмес.
Видеонун авторлору орусиялык чиновниктердин көбү Кыргызстанды «Киргизия» деп атап жүргөнүн, бирок 1991-жылдан бери андай өлкөнүн жоктугун белгилешет. Кыргызстан Орус империясына баш ийип, кийин Советтер Союзунун курамында турган маалда «Киргизия» деп аталган.
«Өлкөнүн атын өзгөртүү — абдан маанилүү нерсе. Ал өлкө эгемен болуп, аны кантип аташ керектигин өзү чечет дегенди айгинелейт. Өлкөнү өзү сурангандай атоодон баш тартуу — анын көз карандысыздыгын тоготпогондукка жатат», — деп айтылат видеодо.
Журналисттер Кыргызстан ар башка тилде ар кандай аталарын дагы белгилешет. Мисалы, немис тилинде «ы» деген тыбыш жок болгондуктан Кыргызстан деген сөздө ал «и» тамгасына алмаштырылат.
Ал эми англис тилинде «ы» тыбышынан орду «у» менен алмашат. Бирок орус тилинде сүйлөгөндө «ы» деп айтылган тамга да, тыбыш да бар. Журналисттер Тыва Республикасынын — Кызыл — шаарын мисал келтиришет.
Постколониялык буллинг
Буга чейин «Баштан Башта» кыймылынын активисттери Кыргызстан деген аталыштын ордуна «Киргизия» деп колдонуу постколониялык* буллинг экенин айтышкан.
*Постколониялык буллинг — бул бир кезде колония болгон өлкөлөргө карата активдүү жана пассивдүү агрессия. Агрессия постколониялык өлкөлөрдүн көз карандысыз макамына каршы багытталган.
Көптөгөн орусиялык чиновниктер жана орус ЖМКсы качандыр бир убакта Советтер Союзунун курамында болгон мамлекеттерди эски аталышы менен жазып же атаганды улантып келет.
Буларга, мисалы, өздөрүн бир нече жолу «Балтика өлкөлөрү» деп атагыла деп суранган Латвия, Литва жана Эстония кирет. Бирок ага карабастан орусиялык ЖМК «Прибалтика» деген терминди колдонгонду улантып жатат.
Ушул эле нерсе Түркмөнстан, Молдова жана Беларуска карата да колдонулат, аларды дагы деле «Түркмения», «Молдавия», «Белоруссия» деп аташат.
Кыргызстан колония болгонбу?
«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин айтымында, бул таталыраак суроо, бирок колониализмдин бардык белгилери боюнча алып караганда, болгон десе болот.
Ал Борбордук Азия ресурстар жана жерлер үчүн Орус империясы тарабынан басылып алынган — бул колониализмдин негизги белгилеринин бири деп эсептеген. Ошондой эле Искендер жергиликтүү элдер белгилүү бир убакытка чейин өз маданиятына олуттуу түрдө кийлигишүү болгонун сезишкен эмес, бирок кийинчерээк бул баары бир ишке ашкан деп кошумчалаган.
«Бул өзгөчө 1930-жылдардагы массалык түрдө орусташтыруунун башталышы менен байкалган. Колониализмдин дагы бир ачык белгиси — бул, мисалы, көптөгөн советтик мектептерде жергиликтүү тилдер окутулган эмес», – деп эске салган «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири.
Искендер Кыргыз ССРиндеги орус тилдүү мектептерде 1990-жылдардын башына чейин эч кандай кыргыз тил сабагы өтүлбөгөнүн мисал келтирген. Натыйжада, жүз миңдеген этникалык кыргыздар кыргыз тилин билишпейт, ал эми кыргыз тилин билген этникалык орустар аябай аз — бул дагы колониализмдин классикалык көрүнүштөрүнүн бири деген ал.
«Кыргызстандын жашоочулары орус имериясы менен советтик доорго карата ар кандай гана мамиледе болбосун бардыгында эле бул замандар жакшы нерселер менен айкалышпайт», — деп айткан ал.
Украинадагы согуш
Орусиянын постколониялык буллингине Украина да кабылды. Ал жакта 24-февралдан бери толук масштабдуу согуш жүрүп жатат.
1993-жылы Украинанын өкмөтү «в Украину» деген вариантты ченемдик деп таанууну талап кылганына карабастан орусиянын саясатчылары менен ЖМКсы «на Украине» деп айтууну улантышууда.
Украина бийлигинин айтымында, «на» деген байламта сөздүн өлкөнүн аталышына кошулуп айтылышынын «айланага» деген сөз айкашы менен этимологиялык байланышы бар.
Орус аскерлери коңшу өлкөгө ири масштабдагы чабуулду баштаганына 5 айдан ашык убакыт өттү.
Украинага кол салуудан кийин Европа биримдигине кирген өлкөлөр, АКШ жана Улуу Британия Орусияга карата экономикалык санкцияларды салган.
Ошол эле кезде кыргыз бийлиги Украинадагы согуш маселесинде орток позицияны карманарын бир канча жолу билдирген.
Июлдун орто ченинде Америка Кыргызстанды санкция салынган товарларды Орусия менен Беларустун аймагына өткөрүшү мүмкүн деген транзиттик өлкөлөрдүн тизмесине киргизген.
Эксперттердин пикиринде, эгер кыргыз компаниялары же банктары санкция салынган товарларды Орусияга ташууга көмөктөшсө, бул Кыргызстанга да санкция салынышына себепчи болуп калышы мүмкүн.