Ошто досун өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Ошто досун өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү 12-августта бильярд ойнош үчүн таанышы менен жолуккан. Оюн урунда экөө алкоголдук ичимдиктерди ичип, ал жактан чыгып шектүүнүн үйүнө барышкан.

Кечке маал алардын ортосунда чыр чыгып, мушташып кетишкен. Мушташ учурунда шектүү досуна бычак сайган.

Басма сөз кызматтан жабырлануучур оор абалда ооруканага жеткирилип, бирок жаратынын оордугуна байланыштуу каза тапканын билдиришти. Аталган факты боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.