Садыр Жапаров: Жетим-Тоону иштетебизби-жокпу азырынча чечим кабыл алына элек

Президент Садыр Жапаров тартип сактоо органдарынан бийлик Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин үчүнчү жактарга берип жатат деген маалыматтарды тараткан жарандарды тартипке чакырууну суранды. Бул боюнча кайрылуусун президент Фейсбук барагында жазды.

Президент акыркы убактарда социалдык тармактарда Жетим-Тоону «коргогучтар» болуп чыга келген жарандар элге кайрылып, элди «көтөрүлүшкө» чакырып жаткандарын байкап жатканын жазды. Ал учурда кенди иштетейин деген эч ким жок экенин белгиледи.

«Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок. Сырткы карызыбызды башка булактарыбыз менен эле жаап жатабыз жана жабабыз. Мындан ары күчүбүз жетет», — деп жазды ал.

Президент былтыркы жылдан бери 50-60 млрд сом салык жана башка төлөмдөрдү төгүп келе жаткан Кумтөрдүн эсебинен өлкөдө эмгек акылар, пенсия жана жөлөкпулдар көтөрүлүп жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда «Кумтөр Голд Компанинин» сайтында 2021-жылы компания Кыргызстандын бюджетине 107,2 млн доллар деп белгиленген пландын ордуна 160,3 млн доллар (13 млрд сомго чукул) салык жана башка милдеттүү төлөмдөр төгүлгөнү айтылат.

«Эгер Жетим-Тоону иштетип калсак, 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир пайыз эмес, бир муштум ташын эч кимге үлүш катары бербейбиз. Бирок бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан, тактап коёлу деп, Кыргызгеология кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат. Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет», — деди ал.

Жапаров Жетим-Тоо тууралуу сын-пикир айтып жаткандарды «Жетим-Тоону экинчи Кумтөр кылбайбыз» деп өздөрүн «баатыр» көрсөткүсү келгендер деп атады. Ал аларды калп айтып, элдин башын айлантууну токтотууга чакырды.

«Ошол эле "Кумтөр" кетип жатканда, силер бийликте болчусуңар. Болгондо да бийликтин эң чоң бутагы, мамлекеттин коопсуздугуна жооп берчү бийликтин башында олтургансыңар. Ошондо да "Кумтөрдү" кайра алмак түгүл, бир доллар штраф төлөтө алган эмессиңер. Азыр "Кумтөр" жүз пайыз өз элибизге өтүп, өмүрү эмгек акыга жарыбаган мамлекеттик кызматкерлерибиз жыргап олтурушат. Жолдор оңдолуп жатат. Мектептер салынып жатат. Дагы кандай иштер жүрүп жатканын силер көрбөй жатсаңар, жалпы эл көрүп турат», — деди мамлекет башчысы.

Жапаров Жетим-Тоо иштетилсе, эмгек акылар көбөйүп, экинчи «Кумтөр» болот, Нарын облусунун, Жетим-Тоонун тегерегинде жашаган элдин турмушу, инфрастуктурасы оңолуп, ал тургай айылдардын ичине чейин асфальт төшөлөт деп эсептейт.

«Бирок дагы бир жолу кайталап коёюн. Жетим-Тоону иштетебизби-жокпу азырынча чечим кабыл алына элек. Иштете турган болсок эл менен макулдашып, анан 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Эл "жок" десе, анда - жок. Бирок бир нерсени унутпагыла. “Алма быш – оозума түш, мени бекер эле "суф" деп байытып, турмушумду оңдоп жибер” деп жата берсек, асмандан бирөө каражат бербейт. Мектептер салынбайт. Жолдор оңдолбойт. Эмгек акылар көтөрүлбөйт. Инфраструктураларыбыз оңолбойт. Кыскасы, өнүкпөйбүз», — деди ал.

Жапаров ал президенттик кызматты аркалап турганда «Кумтөр», Жетим-Тоо жана башка ири кендер эч кимге берилбесин, ал эми буга чейин берилип кеткен ири кендерге мамлекеттин үлүшү киргизилерин, бирок ал үчүн убакыт керектигин белгиледи.

«Ошондуктан өздөрүн баатыр көрсөткүсү келип жаткан лжепатриоттор, Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп, калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла. Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар лжепатриоттор, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?» — деп кайрылды ал укук коргоо орган кызматкерлерине.

Ошондой эле Жапаров [бийлик] бир нерсе кылайын десе эле, [эл] «муну кылба, тигини кылба, туризм менен эле өнүгөбүз» деп чыга калат деп нааразы болду.

«Туризмди өнүктүрөйүн десең, “баланча өлкөнүн кишилери басып кетти, кокуй киргизбегиле” деп чыгышат. Деги биздин элге “эмне жагат?” деген суроо бергиң келет», — деп Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

ИИМ жана Жетим-Тоо боюнча сурактар

Президент Фейсбукта кайрылуу жасагандан кийин эле дароо укук коргоо органдары ага реакция кылды. ИИМ алгач Фейсбуктагы «Полит Узник» барагынын администратору, активист Ырыс Жекшеналиевди суракка чакырып, андан соң Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алды.

ИИМден активист 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча мурда айткан видеосун жарыялаганы үчүн суракка чакырылганын билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголду.