Августтун биринчи жарымында интернеттин кыргыз сегментинде нике кыйылып жатканда келин күйөөсүнөн «махр» катары iPhone 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефон сураган видео тарады.

Бул тема соцтүйүндөрдө кызуу талкууланып, айрымдар кызды «тарбиясы жок, уялбай кымбат баалуу телефон каалады» дешти. Кээси бул «туура» көрүнүш, Ислам дининде никелешип жаткан эркек болочок жубайынын оозунан чыккан белекти алып берүүгө «милдеттүү» деп чуулдашты.

Махр деген эмне?

Жогоруда биз сөз кылган видеону бөлүшкөн айрым кыз-келиндер өздөрү «махрга» алган тартуусун жар салса, кээси ушундай каада бар экенин укпаганын, күйөө тараптан келген калыңды ата-энелери алып, кийин сеп бергенин айтып чыкты.

Адатта, салт боюнча, жылдызы келишкен кыз-жигит баш кошордо ата-энелер жолугат. Эки тарап тойдун камылгасын сүйлөшүп, «калың бычылат».

Калың — бул күйөө тараптын колуктусунун жакындарына берүүчү тартуусу. Ар бир аймакта калыңдын өлчөмү, үлпөт тойдун жүрүшү айырмаланышы мүмкүн.

Талаш-тартыш учурунда кыргыз салтындагы кызга берилчү калың — бул ошол махр деп атагандар болду. Ал тургай, бул «арабдашуу, бөтөн маданияттын салтын сиңирүү» дегендер чыкты.

«Ислам тууралуу такталган маалыматтар» деген ураан менен иш алып барган Umma.ru сайтындагы маалыматка таянсак, махр — турмушка чыккан келинге никелешүү учурунда күйөөсү тарабынан берилүчү кайтарымсыз, баалуу белек. Махр талабы тууралуу Курандын «ан Ниса» (Аялдар) деп аталган сүрөөсүндө айтылган.

Белек нике окулган күнү берилеби же белгиленген мөөнөткө чейин тапшырылабы сүйлөшүүгө жараша болот. Бирок махр катары эмне талап кылганы, анын өлчөмү же баасы күбөлөрдүн көзүнчө айтылууга тийиш. Махрга кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, акча, алтын, баалуу таштар, турак-жай, автоунаа берилиши мүмкүн.

Махр катары берилген белек аялдын менчиги болуп саналат. Күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе же жубайлар ажыраша турган болсо, үйлөнүү үлпөт учурундагы белек аялдын менчиги болуп калат. Демек, бул жерде сөз кыргыз коомчулугуна сиңип калган калың түшүнүгү тууралуу болгон жок.

Муфтият эмне дейт?

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан «Клооптун» журналистине берген расмий жообуна таянсак, махр — бул шарият боюнча нике кыйылганына байланыштуу сөзсүз түрдө төлөнүүчү, күйөөнүн колуктусуна милдеттүү бере турган тартуусу. Мекемеден махр нике кыйылган күнү берилерин, андан тышкары белгилүү мөөнөткө жылдырса болорун белгилешти.


Ал эми эл арасындагы махр менен калыңдын айырмачылыгы тууралуу талаш суроого муфтияттан, махр Куранда жана ханафий мазхабында (салттуу Ислам) айтылганын белгилеп, аны калың деп эсептээрин түшүндүрүштү.


Аны менен катар, муфтияттан 2019-жылдан тартып өлкө аймагындагы расмий имамдарга атайын бирдиктүү нике журналын иштеп чыкканын кошумчалашты. Ал эрежелер өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюуну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүүнү көздөйт деп баса белгилешти.

Эксперттер эмне дейт? 

Кыргыз таануучу Мелис Мураталиев махр түшүнүгү ислам дини менен кошо келгенин белгилеп, мындан маселе жаратуунун кереги жок деп эсептейт.

«Динди кабыл алгандан кийин дин менен кошо келген салттар деле бизге сиңип калды да. Биздин салтыбызга, маданиятыбызга каршы келбеген, толуктаган кошумча нерселер дагы көп. Бирок анын жаманчылыгы жок», — дейт ал.

Ошондой эле, Мураталиев үй-бүлө курууда кыз-жигиттин ортосундагы мамиле биринчи маанилүү экенин, кымбат баалуу телефон же автоунаа алам дегендер «хайп» үчүн ушул кадамга барса керек деп божомолдоду.

Ал эми тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин арапча «махр» сөзүн кыргыз түгүл кээ бир араптар да чаташып түшүнүшөт деп билдирди. Анын айтымында, төркүнгө кетчү каражатты туюнткан «калың» сөзүнөн айырмалап, бул «махр» терминин «жубайлардын болочокто ажырашып кетүү ыктымалдыгы үчүн аялзатынын колунда кепилдик болчу каражат» деп гана аңдасак болот.

А бирок, Тынчтыкбек Чоротегин иш жүзүндө ажырашуу маалында, мурдагы аялына махр тургай алимент төлөбөстөн качып жүргөн «эргулдар» азыркы тапта абдан көп экенин белгилейт.


«Азил-чынын айтсак, андан көрө каапыр европалык миллионерге эрге тийип, анан ажырашчу маалда сот аркылуу миллиондорду өзүнө өндүрүп алган айымдар тарыхта алда канча көп кезикти. Кайсы молдо Кыргызстандагы баланча аял өз мусулман эринен ушунча көп акча өндүрүп алган, деп тарыхтан мисал кылып айта алат?» — дейт ал.


Ал эми орто кылымдардагы «махр» деген түшүнүктү Кыргызстандын азыркы көп этностуу, көп диндүү коомуна таңуулоонун эч кажети жок деп эсептейт.

«Айрым чала молдолор махр, паранжы жана көп аял алуу темаларын байма-бай көтөрүп, калайык көөнүнө бүлүк салып жаткан чакта, мен аларга атаандаш, таптакыр башка сунуш айта кетким келет: азыркы муундар эч кандай кийит, калың, сеп жок эле той өткөрүүгө жапатырмак өтсөк сонун болот. Ал эми эрди-катындын укугун Кыргызстандын секулярдык (айдыңдык) мыйзамдары эле татынакай сактай алышат», — деп белгилейт публицист.

Бул инфочуубу?

Махр темасы соцтармакта кызуу талкууланып, аялдарга материалдык жактан кепилдик катары көрсөтүү аракетине карабай, бул тек гана инфо чуу экенин айтып кетүү керек. Себеби, Кыргызстанда аялдар үй-бүлөнүн мүлкүнө ээлик кылбайт. Ал тургай ажырашуу учурунда үй-жайын күйөөсүнө калтырып, бала-чакасы менен чыгып кеткен учурлар арбын.

2022-жылдын июль айында Жамааттык ЖМКлардын бирлиги өлкөнүн ар бир облусунан 100 үй-бүлөнү сурамжылоого алып, Кыргызстандын аймагында 90% кыймылсыз мүлк эркектерге катталганын аныктаган.

Сурамжылоого катышкан 700 түтүндүн 46%ы үй-бүлөгө тиешелүү турак жай күйөөлөргө катталганын айтса, 30%ы ата-энелерине каттаткандар болгон. Сурамжылоого катышкандардын болгону 7%ы мүлк жубайына катталганын билдирген. Калган 9% балдарына катталган деп жооп беришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 51%ы мүлк кимдин атына катталаарын үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге чечерин айткан. 27%ы мындай чечимди күйөөлөрү, 21%ы — ата-энелери кабыл аларын айтып жооп беришкен. Суралгандардын болгону 1%ы гана үй-бүлөдө мындай чечимди аялдар кабыл аларын айтышкан.


Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча адистери Кыргызстан гендердик теңсиздик индекси боюнча 162 өлкөнүн ичинен 82-орунда экенин билдиришкен.


Анда эксперттер Кыргызстанда патриархалдык көз караштар, гендердик зомбулуктун жогорку деңгээли, гендердик ролдорго карата стереотиптер жана тажрыйбалар, ошондой эле экономикалык катыштыктагы жыныстардын ортосундагы ажырым дагы деле олуттуу бойдон сакталып жатканын айтышкан.

Адистер аялдар экономикалык жактан активдүү эмес калктын эң чоң бөлүгүн — 70% — түзөрүн дагы белгилешкен.