«Клооп Медиа» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу астында Ош шаарындагы күзгү онлайн журналистика мектебине кабыл алууну баштады.

Эгер сиз журналистикага кызыгып, бирок билим алууга шартыңыз болбой жүргөн болсо — анда бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!

«Клооп Медианын» журналистика мектеби акысыз өткөрүлөт.

Бизден эмнени үйрөнөсүз?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүз. Атап айтканда текст жазууну, мобилдик телефондон сүрөткө тартууну, видеорепортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа сабаттуулук жана медиа мыйзамдар тууралуу маалымат ала аласыз.

Анан да акыркы учурда соцтармактарда ар түрдүү фейк маалыматтар көбөйгөнү баарыбызга маалым. Биздин мектепте сиз маалыматты тактап, аны текшергенди өздөштүрөсүз. Мындан сырткары сизге соцтармактарда контент жаратууну үйрөтөбүз.

Эң маанилүүсү, биздин гана мектепте сиз окуунун экинчи жумасынан тарта респонденттерден интервью алып, жаңылык жаза аласыз. Идеяңызды сунуштап, социалдык көйгөйлөрдөн тартып саясий темада чоң материалдарды даярдасаңыз болот.

Мунун баарын сизге бир жумалык теориялык тренингде үйрөтөбүз.

Ал эми практикада сиз жаңылыктарды жазуудан тышкары, мобилдик телефондон фотосүрөт тартып, видео репортаждарды даярдоону өздөштүрө аласыз. Ошондой эле СММ адисибиз менен биргеликте ТикТок платформасына, Ютуб, Фейсбук жана Инстаграмга контент жаратасыз.

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы күзгү журналистика мектеби 5-сентябрда башталып октябрдын аягына чейин уланат.

Мектепте кимдер тренинг өтөт?

«Клооптун» Оштогу бюросунун редактору Айбике Адилет кызы

Медиа мектептин тренерлери «Клооптун» адистери болот. «Клооптун» Оштогу бюросунун редактору Айбике Адилет кызы журналистиканын негиздерин үйрөтөт. Айбике «Клооптун» 2019-жылдагы онлайн журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал 2020-жылдан бери редакцияда иштеп келет.

Мындан сырткары Адилет кызы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепеттери тууралуу материалдарды жеринен даярдап келет. Алар 2020-2021-жылдары «Ачык Кыргызстан» сынагында жеңүүчү болгон.

«Клооптун» видеоредактору Анастасия Лысогорова

Анастасия Лысогорова — «Клооптун» видеоредактору. Ал камера менен иштөөнү, телефонго сапаттуу сүрөт-видео тартып, аны монтаждоону үйрөтөт. Анастасия режиссер, оператор, монтажер, АУЦАнын кино, телевидение жана визуалдык искусство факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал кино тармагында эл аралык жана жергиликтүү тасмаларда режиссердук топтордо иштеген. Анын бир нече көркөм жана даректүү тасмалары London Lift-Off Film Festival, Berlin Pankumenta Film Fest фестивалдарына, КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун «Үмүт» фестивалына катышкан.

«Клооптун» СММ бөлүмүнүн башчысы Зара Садыгалиева

Зара Садыгалиева — «Клооптун» СММ бөлүмүнүн башчысы. Ал басылманын бардык соцтармактардагы баракчаларына уникалдуу контент жаратат. Анын ТикТоктогу видеолору миллиондоп көрүлөт, ал эми Инстаграм үчүн жасаган карточкалары кеңири тарайт. Заранын эмгеги менен «Клооптун» аудиториясы бир нече эсеге өстү. Мындан сырткары ал School Cabar’дын соцтармактардагы марафонунда жеңүүчү болгон.

Мектепке кимдер катыша алат?

Журналистика мектебине өлкөнүн бардык жашоочулары катыша алат, бирок тренинг жана практика Ош шаарында өтөөрүн эске алыңыз. Баткен жана Жалал-Абаддан келип окугандарга жатакана берилет. Ош шаарына сиздерди кызматтык унаа менен алып келебиз.

Мектепке катышуу үчүн билдирме толтуруп, бизге жөнөтүшүңүз керек. Катышуучулардын жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт.

Билдирмени мыкты толтуруп, өзүнүн мотивациясын так түшүндүрө алган 15 катышуучу журналистика мектебине кабыл алынат.

Кошумча суроолоруңуз болсо 0772 300 336 номуруна чалсаңыз болот.

Билдирмелер 29-августка чейин кабыл алынат.