Сүрөт: Шамил Жуматов/Reuters

Материалдын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтында жарыяланган.

Кумтөрдө сырткы башкаруу киргизилгенден кийин бийлик башындагылар кендеги алтындын баары Кыргызстанда калат деген. Ошентип, 2021-жылы баалуу металлдардын экспорту кескин кыскарган эле. Бирок Улуттук статистикалык комитеттин такталган маалыматтары боюнча, баары тескерисинче болуп чыкты.

Көрсө, Кыргызстан былтыр чет өлкөгө рекорддук көлөмдө алтын сатыптыр. Бирок Кыргызстандан казылган алтындын 70% ашыгы кайсы өлкөгө же өлкөлөргө экспорттолгону белгисиз. Бул маалымат сыр бойдон калууда.

Статком: экспорт көлөмү 24,8 тонна

Улуттук статистикалык комитеттин февралда жарыялаган алдын ала маалыматы боюнча, 2021-жылы алтын экспорту 308 миллион долларга бааланып, 5,6 тоннаны гана түзгөн. Мурдагы жылдары Кыргызстан дайыма 15-18 тонна баалуу металлды чет өлкөгө сатып, 1 миллиард долларга жакын киреше алып келген.

Алтын экспортунун үч эсеге азайышына эч ким тынчсызданган жок. Муну опоңой эле түшүндүрүп коюшту: 2021-жылы май айында Министрлер кабинети канадалык "Центерра Голд" компаниясын кетирип, Кумтөргө өзүнүн менеджерин дайындаганын, мындан ары кендеги өндүрүш бүт бойдон Кыргызстанда калаарын билдирди.

Кумтөр – ири өлчөмдө алтын өндүрүүчү жалгыз кен.

«Мындан ашкандар азыр жок. Башка кендерден бир нече жүз килограмм эле казылат. Жерүйдү өздөштүрүү иштери чындап баштала элек» , — деп түшүндүрөт экономист Денис Бердаков. (Жерүй алтындын запасы боюнча экинчи орунда. – ред.)

Бирок июль айында Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы тышкы соода боюнча такталган маалыматтарды жарыялады. Алтын экспорту азайбай эле, рекорддук чекке көтөрүлүп, көлөмү 24,8 тоннага жетиптир.

«Азаттыктын» суроосуна жооп берип, статистикалык комитет сандар так экенин ырастады.

«Алдын ала маалыматтар утурумдук мүнөзгө ээ. Убакыттын өтүшү менен ал ар кандай жагдайларга байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, бир компания экспорт кылганда, өтпөй калып, кайра кайтып келиши ыктымал. Эгерде респондент кандайдыр бир ката кетирсе, биз бул суммаларды оңдошубуз керек болот», — деп түшүндүрүштү Улуттук статистикалык комитеттин тышкы соода статистикасы бөлүмүндөгүлөр.

Жаңыланган маалыматка ылайык, бизден Улуу Британияга 4 тонна, Швейцарияга 1 тонна алтын, ошондой эле Орусияга, Кытайга, Италияга жана Түркияга да аз-аздан алтын экспорттолуптур.

Алтындын негизги бөлүгү, баасы 1,1 миллиард долларды түзгөн 19,2 тоннасы «белгисиз өлкөгө» экспорттолгон. Өкмөт өлкөнүн жалпы экспортунун 40% түзгөн рекорддук көлөмдөгү алтынды Кыргызстан кимге сатканын купуя сыр кылып койду.

«Респонденттер өз маалыматтары үчүн кайсы бир деңгээлде купуялуулукту талап кылууга укуктуу. Берилген маалыматтарга ылайык, жоопкер өзү маалыматты жаап салган. Улуттук статистикалык комитет андан купуя маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылууга укугу жок», – деп «Азаттыкка» жооп берди Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы. Ал респонденттердин аты-жөнүн атоого да мыйзам жол бербей турганын кошумчалады.

«Биз алтынды өндүрүп, аны “Кыргызалтынга” беребиз, ал андан ары иштетет. Биз эмес, алар жооп бериши керек. Биз экспорт менен алектенбейбиз, алтынды гана өндүрөбүз, бүттү. Ал эми “Кыргызалтын” экспорт менен алектенет. Алтын Кара-Балтадагы аффинажга, андан ары экспортко кетет. Бул маселени “Кыргызалтын” ААК жөнгө салат», — деди «Кумтөрдүн» басма сөз катчысы Назира Ахмедова.

«Кыргызалтын» ишканасынан бир жылдан ашык убакыттан бери «Кумтөрдүн» алтынын экспортко чыгарбай жатканын билдиришти.

«Биз 2021-жылдын май айына чейин Кумтөрдүн алтынын экспорттоп келгенбиз. Бирок сырткы башкаруу киргизилгенден кийин биз бул ишке аралашпай калдык. Бул суроону Улуттук банкка берсеңер болмок», – деди мамлекеттик ишкананын басма сөз кызматы.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кен, анда жыл сайын 14-17 тонна алтын казып алынат.

Кумтөр Кыргызстандагы эң ири кен болуп саналат, анда жыл сайын 14-17 тонна алтын казып алынат. Улуттук банктагылар үстүрт эле жооп кайтарууну чечишти:

«Улуттук банк баалуу металлдар менен, анын ичинде алтынды сатып алуу жана сатуу боюнча, ошондой эле баалуу металлдарды өлкөгө ташып келүү жана экспорттоо боюнча операцияларды жүргүзөт. Алтын-валюта корун толуктоо саясатынын алкагында Улуттук банк жергиликтүү өндүрүүчүлөр сунуштаган алтынды үзгүлтүксүз сатып алууда. Бул операциялар алтын өндүрүүчүлөр менен Улуттук банктын ортосунда алтынды сатып алуу-сатуу боюнча түзүлгөн башкы келишимдердин алкагында гана ишке ашырылат», – деп, түз жооп берүүдөн качты алар.

Министрлер кабинети Кумтөрдүн өнүмү өлкөдө калаарын дагы бир ирет белгилеп, «2021-жылы Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенден бери өндүрүлгөн алтын чет жакка чыкпай, өзүбүздө эле калып жатат» деп кыскача жооп берди.

Исхак Масалиев

«“Белгисиз өлкө” дегени эмне? Алтыныбыз кимге сатылып жатканын билишибиз керек. 19 тонна алтын каякка сатылганын билбейбиз! Акча келип түшүүдө, бирок каяктан, канча экенин жашырып жатышат. Маалымат ачык болушу керек. Сентябрдан баштап (депутаттар каникулдан кайтып келгенден кийин – ред.) бул маселени көтөрө баштайбыз», – дейт депутат Исхак Масалиев.

«Алтын азыр деле Кыргызстандын аймагында»

18-январда Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2021-жыл үчүн отчётунун бекитилиши жөнүндө маалымат таратты. Анда өткөн жылы Кумтөр кенинен 14 миң 561 кг алтын өндүрүлүп, алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 миллион долларды түзгөнү, мунун ичинен сырткы башкаруу мезгилине 621 млн. доллар туура келери айтылган. Бирок бул маалыматты камтыган барак кийинчерээк алып салынды.

«Каражаттын келип түшкөндүгү алтындын сатылганын билдирет», — деди экономист Эркин Абдразаков «Азаттыкка».

Он күндөн кийин Министрлер кабинети дагы бир билдирүү жарыялады. Анда Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын баары «республиканын аймагында жана менчигинде калууда» деп көрсөтүлгөн. Бирок ал билдирүүнүн шилтемеси эми ачылбай калды.

8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» берген маегинде «Кумтөрдүн» өнүмү Кыргызстанда калаарын тастыктап, бирок чоо-жайын ачык айткан жок.

«Юридикалык маселелер бүткөндөн кийин ачык айтып беребиз. Бүгүнкү күнгө чейин алтын Кыргызстандын ичинде. Биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөр менен алтынды сатып алып жатабыз», — деп ал кырдаалды ого бетер бүдөмүк кылып салды.

Юридикалык жол-жоболор – Кумтөр кенин толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөрүү иши аяктады. Бирок Кыргызстандын эң ири кенинен чыккан алтындын тагдыры жөнүндө коомчулукка азырынча маалымат берилбей турат.

Айрым эксперттер «Кумтөрдүн» алтынын Улуттук банк сатып алып, өлкөнүн алтын корун арттырып жаткан болушу мүмкүн дешкен эле. Бирок Улуттук банк кийинчерээк бул маалыматты төгүндөдү.

Ал эми президент Садыр Жапаров апрелдин аягында «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде, Кыргызстан «Кумтөрдүн» продукциясын экспорттоп жатканын ырастады.

«Бир грамм алтын уурдай алышпайт. Руда келип фабрикага түшкөндөн баштап, алтын чыгып, Кара-Балтага жеткенге чейин, андан аффинаждалып Улуттук банкка келгенге чейин, бардык жерде он катар күзөтүүлөр, онлайн камералар турат. Андан сырткары бир-эки эле киши катышпайт да процесске. Ар бир жерде он чактыдан киши катышып, актыларга кол коюшуп, ар бир граммын жазып, бири-бирине өткөрүп берип турушат. Ал видеолордун баары архивде сакталуу болот. Азыр дагы барып, былтыркы ушул күндүн видеосун жана бардык алтындын көлөмүн карап чыксаң болот. Ал эми сатканын Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат. Ал дагы архивде калат. Кайсы күнү канчадан сатты. Биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Алтындын ар бир граммы эсеп-чотто турат», - деген президент.

Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. 2021-жыл, 15-июнь.

Денис Бердаков

Экономист Денис Бердаков Кумтөр алтыны экспорттолуп жатканы айдан ачык дейт. Анын айтымында, кенден алынуучу пайда өлкөнүн кирешесин бир топ көбөйтүүгө жана бюджеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө мүмкүндүк берди.

«Эгер мурда биз “Кумтөрдөн” орто эсеп менен 15 миллиард сом [салык] алып келсек, азыр 50-60 миллиард сомдон кем эмес пайда түшүүдө. Продукцияларды алтынды өнөр жайлык масштабда сатып алуучу Индия, Кытай же Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөргө экспорттоп жатышкан болушу ыктымал», – деген божомолун айтты эксперт.

Өлкө жетекчилиги канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен «ажырашкандан» кийин кирешеси кыйла өсүшү күтүлгөн «Кумтөрдөн» үмүтү чоң экенин жашырбайт.

«Эгерде буга чейинки биз дивидендди ырымдап эле (20 жыл ичинде 85 миллион доллар) алып жүргөн болсок, 2021-жылдын 7 айында таза киреше 323 миллион долларды түздү. Быйыл 500 миллион долларга чейин киреше алууну пландап жатабыз. Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн болжол менен 5 миллиард доллар киреше, башкача айтканда, 160 тоннадан 200 тоннага чейин алтын алууну көздөп жатабыз. Бул өтө чоң пайда, бюджетке дагы кошумча», – деди мамлекет башчысы.

Кумтөр

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кен, анда жыл сайын 14-17 тонна алтын казып алынат. Кенди Centerra Gold Inc. өзүнүн туунду компаниясы «Кумтөр Голд Компани» аркылуу иштетип, андагы Кыргызстандын үлүшү 26 % түзүп келген эле.

2021-жылы май айында Кыргызстандын өкмөтү кенге сырткы башкарууну киргизгенде, канадалык компания менен тирешүү башталган. Ал компания КР өкмөтүн бир нече ирет эл аралык сотторго берип, «Кыргызалтындын» «Центеррадагы» акцияларын иштетишине тыюу салган болчу.

2022-жылы 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Centerra Gold Inc. келишимге кол коюшту. Ага ылайык Кыргызстан кендин жалгыз ээси болуп, мунун эсесине канадалык компанияга Кыргыз Республикасынын 26% үлүшү өттү. Ошентип, тараптар бардык өз ара дооматтардан жана соттук арыздардан баш тартышты.

29-июлда Кыргызстан Улуу Британиядагы элчилигинде канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынан Кумтөрдү өзүнө өткөрүп алганын тастыктаган документтерди алмашуу жол-жобосу биротоло аяктаганын жарыялады.

Материалдын автору: Ырысбек Улукбек уулу