Бир пост менен: Акылбек Жапаров кыргызстандыктардан туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштарды күтөт

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктардан өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштарды айтууну суранды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук барагына жазды.

Анын постуна жүздөгөн адамдар комментарий калтырды. Алардын көпчүлүгү эң алгач дааратканаларды куруу керектигин айтышты. Ошондой эле туристтерге карата сылык мамиле, коопсуздук маселелери эскертилди.

Буга чейин Акылбек Жапаров «суук кабарлар туризмге терс таасирин тийгизип жатат» деп билдирген. Жапаров орус тилдүү сайттарды казакстандык жана орусиялык туристтер окуй турганын, алар «суук кабарлары» угуп алып башка өлкөлөргө кетип жатканын белгилеген.

Жапаров 2018-жылы «Бир-Бол» фракциясынан депутат болуп турган кезде да бул сөзүн айткан. Анда ал интернетте таптакыр эле орус тилинде терс жаңылыктарды жарыялоого тыюу салуу керектигин дагы айткан болчу.

Ошол убактагы сөзүндө Жапаров Грузияны мисал кылып, ал жакка барган сапарында бир да жаман жаңылык окубаганын билдирген.

«Көрсө, 2004-жылы Грузиянын президенти элге кайрылып, “Жаман жаңылыктар грузин тилинде, жакшы жаңылыктар орус жана англис тилинде жазылсын” деген экен», — деп билдирген Жапаров.

Тема боюнча:

Маданият министри быйыл туризмди өнүктүрүүгө бир миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди