Сентябрда мектептерде коңгуроо кагылып, миллиондон ашык бала мектеп партасына отурат. Ага чейин аз гана убакыт калды. Кийим-кече, бут кийим, дептер — бул мектеп окуучусуна алып бере турган тизменин бери эле жагы.

Биз өлкөдө эң чоң делген «Дордой» базарына барып, ата-энелерден балдарын мектепке даярдоого канча акча коротуп, кымбатчылык капчыкты канчалык кагып жатканын сурадык.