Казакстанда жол кырсыгынан төрт кыргызстандык жабыркады

Казакстандын Түркстан облусунда «Ташкент — Бишкек» багыты боюнча бараткан автобус кырсыкка кабылды. Жаракат алгандардын арасында төрт кыргыз жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 27-августта катталган. Айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен.

Анын кесепетинен 12 адам оор жаракат алган. Ошондой эле төрт кыргызстандык ооруканага түшкөн. Алардын абалы «орто оор» деп бааланып жатат.

Мындан бир апта мурда Орусияда 14 мекендештин өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Ульяновск облусунун Николаевск районундагы «Урал» чоң жолунда оор жүк ташуучу унаа кезек күтүп турган кичи автобусту барып сүзгөн. Анын кесепетинен автобус эки оор жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып калган.

Жалпысынан 16 адам каза болгон — анын 14ү кыргыз жарандары. Мындан сырткары үч кыргызстандык ооруканага жаткырылган.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар казак чек арасына кирди-чыкты кылуу үчүн барып, кайтып келе жатышкан. Орусиядагы эмгек мигранттары акыркы кездерде каттоо талабы күчөгөнү тууралуу айтып келишкен.

Мекендештердин сөөгү 23-августта өлкөгө атайын борт менен алып келинип, кичи мекендеринде жерге берилген. Мамлекет каза тапкандардын жакындарына 300 миң сомдон берди.

Каргашалуу окуядан улам 23-август Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланган.