Ош: «Достук» өткөрмө бекетинин имаратына зыян келтиргендер жоопко тартылары эскертилди

Оштогу «Достук» өткөрмө бекетин оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштеринен кийин каттаган адамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, мурда бул бекет аркылуу күн сайын 14 миң 500 адам өтүп жүргөн болсо азыр күнүнө 22 миңге жетүүдө.

Ведомстводон адамдар жаңы имараттагы мүлккө аяр мамиле жасабай жатканын белгилеши.

«Имараттын айнектерин сындырып, эшиктерди талкалап, машинасы менен тосмолорду сүздүрүп кеткен учурлар катталууда», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы «Достук» өткөрмө бекетинен өтүп жаткан жарандарды аларга түзүлгөн шарттарды жакшылап кароого жана өткөрүү пунктунда чек ара режимин сактоого чакырды. Ал эми мекеменин мүлкүнө зыян келтиргендер мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.