Орусия Украинага кол салгандан бери Кыргызстанда чет элдик валютанын тартыштыгы жаралды. Дегеле өлкөгө валюта кайдан келет? Албетте, чет өлкөдөн. Биз дүйнөнүн 156 өлкөсү боюнча анализ жүргүзүп, Кыргызстанга чет элдик валюта көбүнчө кайсы мамлекеттен келерин аныктадык.
Элестетип көрүңүз, сиздин жеке бизнесиңиз бар — маселен, сиздин ишкана эмерек чыгарып, аны чет жакка сатат. Сатыктан түшкөн чет элдик валютага дүйнө жүзү боюнча жыгач жана фурнитура сатып алып, калган валютаны сомго алмаштырып, жумушчуларга маянага катары төлөйсүз.
Эгер дүйнө жүзү боюнча кардарыңыз көп болсо, анда бизнесиңиз да жетишерлик туруктуу. Ал эми эгер продукцияңызды эки-үч ири кардарга сатып жүрсөңүз — анда сиз тобокел зонасындасыз. Эгер алардын бирөө эле кокус банкрот болуп калса, же продукциясынын баасы сиздикинен да ыңгайлуу өнөктөштү жолуктуруп, товарыңызды сатып алуудан баш тартса, анда бизнесиңизде чоң көйгөйлөр жаралышы ыктымал.
Мамлекетте дагы ушул сыяктуу эле система түзүлгөн, бирок алда канча татаал. Бардык мамлекеттердин экономикасы тигил же бул деңгээлде бири-биринин алдында аялуу болот, ал эми ар башка валюта өлкөлөрдүн ортосунда тынымсыз жүгүртүлүп турат.
Биз Кыргызстан чет элдик валютаны көбүнчө кайдан жана эмненин эсебинен аларын эсептеп чыктык. Ал үчүн биз Сингапурдун С.Раджартама Жогорку эл аралык изилдөөлөр мектебинин (RSIS) изилдөөчүлөрү тарабынан иштелип чыккан экономикалык аялуулуктун индексин эсептөө ыкмасын колдондук. Аталган ыкмага ылайык, текстте андары Кыргызстанга тигил же бул өлкөдөн келип жаткан валюталардын үлүшүн «аялуулук индекси» деп атайбыз.
Индекс өлкөгө кирген чет элдик валютанын агымынын негизинде курулат, ошондуктан биз эсептөөдө товар жана кызматтардын экспорту, түз инвестициялардын жана акча которуулардын агып кирүүсү тууралуу жалпыланган маалыматтарды колдондук. Импорт эсепке кирген жок, себеби ал валютаны өлкөдөн чыгарат. Индекс толук картинаны толук көрсөткөнгө караганда, жалпы түшүнүк берет десек туура болот. Эсептер тууралуу кеңири төмөндө окуңуз.
Аялуу деген өзү жаман да, жакшы дагы эмес. Аялуу болгондун кайсынысы «нормалдуу», кайсынысы андай эмес экенин бөлүп турган так сызык да жок — ал ар бир өлкө үчүн индивидуалдуу. Аялуулук деңгээли жогорку болсо — бул экономиканын алсыздыгынын көрсөткүчү эмес. Ошондой эле — аялуулук деңгээли төмөн деген экономиканын обочолонгонун айгинелебейт. Бирок аны түшүнүү потенциалдуу коркунучтарды жеңилдетүүгө жана баалоого өтө жакшы жардам бериши мүмкүн.
Көзкарандысыз изилдөөчү, экономист Данияр Молдоканов бул индексти кээ бир өлкөлөрдүн башкаларынан экономикалык көз карандылыгынын көрсөткүчү катары кабылдоого болбойт, бирок ал Кыргызстанга өнөктөш мамлекеттердин санын жана алардан келип кыргыз бюджетине түшкөн валюталардын бөлүштүрүлүшүн көрсөтүп турат дейт.
Молдоканов валютанын «көпчүлүк бөлүгү» (жарымынан көбү) аларга чакан сандагы соода өнөктөштөрүнөн түшүп жаткандагы жагдай Борбор Азия мамлекеттери үчүн кадыресе көрүнүш экенин белгилейт.
«Ал эми бир аз алдыга кеткен, өнүккөн өлкөлөрдө [соода] өнөктөштөрдүн ортосундагы [валюталардын] бөлүштүрүлүшү адатта андай эмес: мисалга, өлкө канчалык өнүккөн болсо, өнөктөш өлкөлөрдөн түшкөн каражат ошончолук бирдей бөлүштүрүлөт», — деп түшүндүрөт ал.
Биз акыркы 17 жылда (2005-жылдан 2021-жылга дейре) экспорт, инвестиция жана акча которуулардан Кыргызстанга орто эсеп менен валюта эң эле көп түшүп турган дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн тизмесин түздүк.
Эң башкы коркунуч бул эмеспи?
Кыргызстандыктар Кытайга болгон карызды айтып коркутууларга жедеп көнүп бүттү — башкы насыя берүүчү республиканын маанилүү стратегиялык обьектилерин тартып алат деген жүрөк үшүн алган билдирүүлөр байма-бай айтылып турат. Бирок, канчалык таңгалыштуу болбосун, Кыргызстанга чет элдик валюта келип түшкөн алдыңы үч мамлекеттин ичине Кытай кирбейт. Ал төртүнчү орунда турат.
Кытай бул тизмеге Кыргызстанга түз инвестиция салганы үчүн гана кирип калды. Максималдуу суммалар — $468 млн жана $474 млн — 2013 жана 2015-жылдары келген, ал убакта индекс максимумга жеткен — 5,7%. Андан кийин, пандемиядагы 2020-жылды эсепке албаганда, Кытайдан келген түз инвестициянын агымы $300 млн ашкан эмес. 2021-жылы индекс 3,7%ды түзгөн.
Бирок бир нерсени айтып коюш керек.
Эки мамлекеттин соода алакасынын негизин баары бир деле товар импорту түзөт, ал эми индексте импорт эсепке алынбайт. Анын үстүнө, Кыргызстан кытай товарларын реэкспорт кылат — биз анын кыргыз экспортунда үлүшү кандай экенин билбейбиз. Реэкспортто валютанын көпчүлү бөлүгү Кыргызстанда калбайт жана ал индекске кыйла эле таасир этет.
Алтын өнөктөштөр
Үчүнчү орунда Швейцария турат. Кыргызстандын Швейцарияга карата аялуулук индекси 2016-жылдан баштап 1%га чейин түшүп калганча төмөндөгөн. Бул эмне менен байланыштуу?
Швейцария 2018-жылга чейин кыргыз алтынынын башкы импорттоочусу болгон ( өлкө баалуу металлдын 95%га жакынын импорттоп турган). Бирок андан кийин бул позицияны тизмеде бешинчи орунда турган Улуу Британия ээлеген. 2020-жылы Бириккен Королдукка алтын экспорту рекорддук 987 млн $ жеткен, ал эми бул өлкөнүн алдындагы аялуулук индекси туу чокусуна барып такалган — 8,7%. Анткен менен кийинки жылы экспорт төрт эсе азайган. Индексте да ушундай эле көрүнүш болгон.
Кыргызстан менен байланышы негизинен алтын казуу жана аны сатууга байланган дагы бир өлкө — бул Канада.
Акыркы он жылда Канадага карата аялуулук индекси 2%дан ашкан эмес, ал эми 2021-жылы дароо 0,05%га түшүп кеткен. Ал негизинен Канаданын Кыргызстанга түз инвестициясынан көз каранды болгон — 2021-жылы түз инвестиция 2020-жылдагы 155 млн $ карата алганда, болгону 4 млн $ келген.
2021-жылдын жазында кыргыз бийлиги Канаданын ири алтын өндүрүүчү Centerra Gold компаниясынын долбоорун — Кумтөр кенин — улутташтырган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында президенттин алминистрациясы алтын кени биротоло Кыргызстанга өткөнүн жарыялаган.
Импортчу коңшулар
Кыргызстандын ЕАЭБдеги географиялык жактан эң эле жакынкы өнөктөшү Казакстан рейтингде экинчи орунда турат. Бул логикалык жактан алганда туура, бирок, 2014-жылдан тартып республиканын Казакстандын алдындагы аялуулугу тынымсыз түшүп баратат. Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан кийин дагы, 2015-жылы — ушундай эле болгон.
Казакстандан Кыргызстанга валюта көбүнчө товар экспортунан түшөт — Кыргызстан коңшусуна баалуу металлдардын рудасын, айнек, кездеме жана азык-түлүк ташыйт. 2014-жылы экспорт дароо 509 млн доллардан эки эседен ашык кыскарып кеткен.
Өзбекстан менен Тажикстандын (эки өлкө рейтингде алтынчы жана онунчу орунда турат) алдындагы аялуулук дагы товар экпортуна байланган. Өзбекстан мал-жандык, цемент, кара металл жана көмүр импорттойт, ал эми Тажикстан — желим идиш, айнек жана жыгач импорттойт. Мындан тышкары, Кыргызстан коңшуларына минералдык товардарды, анын ичинде күйүүчү май жана күйүүчү май продуктыларын ташыйт.
Абсолюттук лидер
156 өлкөнүн ичинен Кыргызстандын экономикасы Орусиянын алдында кыйла аялуу. 2021-жылы Орусия Федерациясынын алдындагы аялуулук индекси рекорддук 34,4%га жеткен. Бул Кыргызстанга кирген бардык чет элдик валютанын үчтөн биринин булагы Орусия экенин билдирет.
Эгер андан ары улай эсептесек, республикага Кыргызстандын жалпы ИДПсынын дээрлик жарымына барабар сумма көбүнесе акча которуулар аркылуу жалгыз экономикалык өнөктөш Орусиядан түшүп турат. Башкача айтканда, Кыргызстан акча которуулардан кыйла эле көз каранды эсептелген дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнүн катарына кирет.
Кыргызстандын аялуулугу тынбай өсүп жаткан дүйнөдөгү жалгыз өлкө — Орусия. Мунун баары ошол эле акча которуулардын көлөмү өсүп жатканы менен шартталган. Калган бардык өлкөлөрдүн индекси азайып жатат.
16-жылдын ичинде мигранттардын акча которууларынын көлөмү жылына 263 млн доллардан 3 млрд долларга чейин өскөн. Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу анын агымын ого бетер көбөйткөн.
Бирок ортодон үч жолу — 2008, 2014 жана 2020-жылдары — акча которуунун агымы азая түшкөн. Буга ар бир жолкусунда объективдүү себептер болгон: биринчисинде — дүйнөлүк экономикалык кризис, андан кийин — Крымды аннексиялоонун шартында Орусияга каршы киргизилген санкциялар жана үчүнчү — COVID-19 пандемиясы.
Орусиянын алдындагы аялуулук товар жана кызмат экспорту, инвестиция жана акча которуулардан түшкөн чет элдик валютанын эсебинен түзүлөт.
2005-жылы Кыргызстанга Орусияга товар экспорттоодон 134 млн доллар, ал эми 2021-жылы — дээрлик 413 млн доллар түшкөн.
16 жыл ичинде экспорттон түшкөн киреше өскөнүнө карабастан, анын Орусиядан келген чет элдик валютадагы үлүшү үч эсе азайган. Себеби кайра эле акча которууларда — алардын түшүүдөгү үлүшү 81%га чейин өскөн.
Кесепети дароо эле тийбейт
Украинага кол салуунун шартында Орусияга карата киргизилген эл аралык санциялардан улам Орусиянын ИДПсы 2022-жылытөмөндөйт — ал 7,8-10%га төмөндөөрүн Дүйнөлүк банк дагы, Орусиянын өзүндө дагы болжолдоп жатышат.
«Орус экономикасы мигранттарды көп тартып жаткандыктан өлкөнүн обочодо калуусу Кыргызстанга дагы чоң таасир этет», — дейт Борбор Азия боюнча серепчи Темур Умаров.
Умаровдун айтымында, ал дароо эле боло калбайт. «Рубль азыр бекем — ага суроо-талап деле жок, бул орус бийлигине аны ойдогудай кармап турууга жардамдашат. Ал эми мигранттар акчаны рубль менен алып жаткандыктан, расмий, келишим боюнча иштеп жаткандар үчүн айлык акы өтө деле өзгөрүп кетпейт», — деп түшүндүрөт эксперт.
Бирок ишке расмий орношуп иштебеген кыргыз мигранттары үчүн жагдай оор болот дейт ал. Мындан тышкары, Орусиядан өнөр жай товарларын импорт кылууда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн — аларды өндүрүү үчүн ресурстардын 80%га чукулу ага санкция киргизген өлкөлөрдөн ташылчу. Ал эми бул Кыргызстан Орусияга каршы киргизилген чектөөлөлөрдү буйтап өтүүдө ортомчулук кылса кабылышы мүмкүн болгон экинчи жолку санцияларды эске албагандагы жагдай.
Умаров Кыргызстандын Орусиянын алдындагы аялуулугу орус армиясынын Украинага кол салуусунун жана батыш өлкөлөрү менен тирешүүсүнүн шартында азайышы керек деп ойлойт. Кыргызстанга орус үстөмдүгүнөн кетип, башка өнөктөштөрдү табууга туура келет деп эсептейт эксперт.
«Мурда Орусия, албетте, экономикалык жактан эң эле пайдалуу өнөктөш эмес, бирок аны менен кызматташтыктын пайдасы бар деген түшүнүк бар болчу. ЕАЭБге кирип жаткан учурда Кыргызстан Кытай үчүн кыргыз базарына чоң жол ачылат, ал басым кылып, базарды толугу менен ээлеп алат деп корккон. Ошондуктан, силер Орусия мүчө болгон блоктун бир бөлүгү болуп турганда сиздердин сүйлөшүүлөрдөгү позицияңыз күчтүүрөөк. Ал азыр канчалык актуалуу экени — суроо», — деп түшүндүрөт Умаров.
Ал Кыргызстан экономикалык байланыштарын диверсификациялашы керек деп эсептейт, бирок ал көп убакытты алат, оор жана кымбатка турат. Мамлекеттик бюджеттин чектелүү экенин жана бийлик дайыма алмашып турганын эске алганда, улам жаңы келген жетекчи узак мөөнөттүү стратегиляык ишке кызыктар болбойт дейт ал.
Умаровдун айтымында, эгер кыргыз бийлиги чечкиндүүлүк жана саясий эрк таба турган болсо, анда алар өнөр жай жана энергетика товарларына байланыштуу тармактарда Борбор Азия мамлекеттери менен тыгыз кызматташууга көңүл бурушу зарыл.
Бирок, анын байкашынча, Борбор Азияда көйгөйлөрдүн көбү (албетте, анын ичинде Кыргызстанда) «мамлекеттик деңгээлдеги коррупцияга, жеке кызыкчылыгын коомчулуктукунан бийик койгонду эп көргөн элиталардын жоопкерчиликсиздигине» барып такалат.
Ал Кыргызстандын бул абалдан дагы чыгып кеткенге мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт, анын айтымында, республика эгер мамлекеттик бюджетти байытам десе азыр колунда турган чакан ресурсту туура пайдаланышы керек.
Бирок саясий элитанын аны колдонгонго кызыкчылыгы барбы-жокпу — чоң суроо, ал, тилекке каршы, башкы маселеге айланып баратат деп жыйынтыктады эксперт.
Индексти кантип эсептедик?
Экономикалык аялуулуктун индексин эсептөө ыкмасы Сингапурдун С.Раджартама Жогорку эл аралык изилдөөлөр мектебинин (RSIS) изилдөөчүлөрү тарабынан иштелип чыккан.
Биз колдонгон формула:
Кыргызстандан Х өлкөсүнө товар экспортоосу + Кыргызстандын Х өлкөсүнө кызмат көрсөтүү экспорту + Х өлкөсүнөн Кыргызстанга инвестициялардын агымы + Х өлкөсүнөн Кыргызстанга акча которуулардын агымы
Кыргызстандан экспорттолгон товардын жалпы көлөмү + Кыргызстандын кызмат көрсөтүү экспортунун жалпы көлөмү + Инвестиялардын агымынын жалпы көлөмү + Акча коротуулардын агымынын жалпы көлөмү
Маанилүү! Эсептөөлөрдө биз реэкспортту өзүнчө бөлбөй, экспорт боюнча жалпы маалыматтарды колдондук.
Экономист Данияр Молдоканов кээде өлкөлөрдүн бири-биринен экономикалык көз карандылыгы эл аралык кирешенин көлөмүнөн эмес, белгилүү бир товардын импортуна байланыштуу болушу мүмкүн деп түшүндүрөт.
«Жалпы алганда, өнөктөштөрдүн салмагы бирдей, бирок бири [Кыргызстанга] нефть, башкасы — жогорку IT-технологияларын саткан болушу мүмкүн. Башка деле бирдей шарттар болгон күндө да, эгер Орусиядан күйүүчү май ташууну бууп коюшса, биздин экономикабыз жүрбөй калат. Эгер Windows’ту ташып келгенди эле токтотушсунчу, анда дагы жаман болот, бирок ал бизге таптакыр башкача сезилет», — дейт ал.
Автору: Мария Пак, Economist.kg
Редакторлору: Анна Капушенко, Дмитрий Мотинов
Окуянын продюссери: Алтынай Мамбетова, Школа данных
Кыргызчага которгондор: Алмир Алмамбетов, Бегайым Талантбекова