Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнүн 31 жылдыгы жана Байтик Канай уулунун 200 жылдыгы Чүй өрөөнүндөгү Чуңкурчак жайлоосунда белгиленди. Ага миңдеген адам катышты.

Майрамга карата жайлоодо ар бир облустун өкулдөрү даярдап келген боз үйлөрдөн этно-айыл уюштурулуп, «Ынтымак» фестивалы өттү.

Иш-чарада кыргыздын улуттук кийимдери, элдик оозеки чыгармачылыгы көрсөтүлүп, улуттук тамак-аш жасалды.

Мындан тышкары, улуттук оюндардын 15 түрү боюнча мелдештер уюштурулуп, боз үйдү тез тигүү боюнча жарыш уюштурулду.

Жайлоодо эл артисттери уюштуруп келген концерт өтүп, жети облустан келген өкүлдөр элге өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков катышты. Алардын тышкары салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана парламент төрагасы Талант Мамытов дагы келди.

31-августта Кыргызстанда Эгемендик күнү майрамдалат. 1991-жылдын дал ушул күнү Кыргыз ССРнин Жогорку кеңеши Кыргыз Республикасынын эгемендигин жарыялаган.

Сүрөттөрдүн автору: Найзабек Мукамбетов.