«Эң кымбат байлык — эркиндик». Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө 31 жыл

1991-жылы 31-августта Кыргызстан көз карандысыз мамлекет деп жарыяланганына быйыл 31 жыл толду. Өлкө аймагында майрамдык салтанаттар, кыргызстандыктар үчүн уюштурулган оюн-зоок иш-чаралары өтүп жатат. «Клооп» кыргыз акындарынын эгемендүүлүк, мекенди сүйүү темасына арналган чыгармаларынын топтомун сунуштайт.

ЭГЕМЕНДҮҮ ӨЛКӨМӨ 

Кыйын жолдо баштан азап кетпеген

Ата-бабам атаар таңдай эңсеген,

Кыргыз өлкөм, куттуу болсун бүгүнкү,

Маңдайыңа конгон Күнүң Эгемен!

Сан жагынан сенден дагы көп элге,

Буюрбаган бул эркиндик деги эмне?

Баркын билип-билбей түшүп алдыкпы,

Бабаларым башын сайган кемеге?

Кагылайын, куттуу Күнүм Эгемен,

Учса келбес ыйык кушум сен белең!

Байлык-бийлик деп кутуруп турабыз,

Балаң кечир баркың баалап сезбеген!

Түштү десе көктөн бир кут кыргызга,

Ошол сенсиң кут да, нур да, жылдыз да!

Баскан жолдо багың ташып турсун деп,

Бабалардын батасы сен уул-кызга!

Билем жолуң шыдыр болбос дайыма,

Миң каниет, о Ата-Журт, барыңа!

Аман болсун сууңдун ар бир тамчысы,

Чаң түшпөсүн жамалыңа, жазыңа!

Ачык болуп бүркөлбөсүн асманың,

Арам ойлуу аңтарбасын таштарың.

Биз өтөөрбүз бир жылт эткен учкундай,

Кыргыз өлкөм, сен түбөлүк жашагын!

Нурланбек Кайрыев

ЭГЕМЕНДИК

Жүргөн менен турмушту жемелеп мен,

Тегирмени тагдырдын тегереткен.

Жолборс эле… ок тийип далысына,

Жатат өлкөм туралбай керебеттен.

Пикет, митинг тынчтыкты булгап өткөн,

Саясаттын деминен кургап өпкөм.

«Чоңдор» гана ойноочу аянтчадай,

Чолок шымчан томсоруп турат өлкөм.

От казанда дымыйбыз кайнап чыкпай,

Ойду тоону сүйлөйбүз майнап чыкпай.

Сүттөй болуп башчылар ирип жатат

Түптүү элди көтөрчү каймак чыкпай.

Канаттарын бутуна катып алып,

Коррупцияны баладай асырадык.

Алакандай эл болуп турсак дагы,

Асмандагы жылдыздай чачырадык.

Жулунгандай туткабыз эшиктеги,

Таманыбыз тикенди кечип келди.

Үйүп санаа энелер жүрөт четте,

Үнүн укпай уулунун бешиктеги.

Чындык чыгар жалганга тигилүүчү,

Мезгил келер муштумдай биригүүчү.

Сазга баткан мекенди өйдө тартчу,

Манас чыгар кыргызга тирилүүчү.

Түпкүрдөгү угутту желеледик,

Түк калтырбай дүйнөнү тегерендик.

Мейкиндикке тараган кыргыздарды,

Мекенине кайтарчы, эгемендик.

Ата -Журттан алыста жүргөндөрдү,

Ала-Тоого кайтарчы, эгемендик…

Мелис Маматжанов

ЭГЕМЕН ЭЛДИН БАЙЛЫГЫ

Элимдин узак тарыхын

Эп болот баары билгени.

Эл деп бизди таанышкан

Эки миң жылдар илгери.

Эмкилер мүмкүн билбестир

Эзүүчүлөр эчен жыл

Элимдин жонун тилгенин.

Эстеп койсок болбостур

Эндей кийим жогунда

Элдер тери кийгенин.

Ээн талаа, эрме чөлдөрдө

Эптеп жашап күн көрдүң.

Эл катары кыргызым

Эми гана түптөлдүң…

Жоо тийгенде коргонуп

Жоокерлер өлгөн кыргында.

Жут түшкөндө айласыз

Жан таслим болгон кыр-кырда.

Жол жүргөндө унаасыз

Жем болгон карга-кузгунга.

Журтумдун шору кайнаган,

Жортуулдар болуп кыргызга.

Жаман-жакшы көп көрүп,

Жыйырма жылдан бериге

Заман такыр өзгөрүп

Жумурият болуп турабыз

Көчүбүз эми түздөлүп.

Эң кымбат байлык элимде

Эркиндик болот чынында.

Баалайлы калкым баркыны,

Эгемендүү болбосо

Ээленип учпайт чымын да...

Айландырбай базарга,

Бере салбай арзанга

Билели кымбат наркыны.

Асмандын көркү күн менен

Эркиндиктин кадыры-

Безеленген тил менен.

Эгемендик темасы

Канча айтса да жарашат

Себеленген ыр менен!

Туура, азыркы деле жашоодо

Көйгөй көп, жүрөк эзилткен.

Түгөнбөйт тура түйшүктөр,

Турмуштун тузун кемиткен...

Туу түбүнө бириксек,

Кыйынчылык эмне экен.

Кылымдар бою жеңгенбиз,

Бабабыз баатыр эл экен.

Кыйырга тарап атыбыз

Кыргыздар кыйын дедирткен!

Эрдикке жакын элбиз биз,

Калпактуу жана намыстуу.

Жүзүнөн нуру чачырап

Меймандос жана ырыстуу.

Көп нерсе али алдыда,

Ынтымакты бекемдеп,

Кадам таштап арыштуу,

Байлык-бийликке эле умтулбай

Эмгекти да эш тутсак

Элибиз болор бактылуу!

Нурланбек Калдыбаев 

ЭГЕМЕНДИК, ЭХ КАЙРАН ЭГЕМЕНДИК

Эгемендик, эх кайран эгемендик,

Эркиндик деп кыйкырдык,чебелендик,

Ээсиз элди ээрчиткен эрен чыкпай,

Эчен жылдар дүйнөнү тегерендик.

Курсак дедик күнкорсуз түзүмүңдү,

Көрсөк дедик көлөкөң, үзүмүңдү,

Бирок чиркин «чөөлөрдөн» башкасынан,

Ким көрдү экен пайдаңы,үзүрүңдү.

Кан жолдордо кан кустук, куйкаландык,

Кас жоолорго туш болуп уйпаландык,

Кандарыбыз баш болуп саткын чыгып,

Канча жерди соодалап, сыйпаландык.

Эчен кылым жоголбой жеңе келдик,

Эзип жааган жамгырдай себелендик,

Эсен болгун Ата Журт койчусу жок,

Эсен болгун эсилим Эгемендик.

Толук Бек Байзак

Топтогон: Бакай Алмаз

Сүрөт: Кыргызстандын президентинин администрациясы