Эгемендүүлүк күнү: Чуңкурчактагы улуттук маданий фестивалдан сүрөт баян

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнүн 31 жылдыгы Чуңкурчак жайлоосунда дагы белгиленүүдө. Майрамга карата ал жакта боз үйлөрдөн этно-айыл уюштурулуп, «Ынтымак» фестивалы өттү.

Фестивалдын катышуучулары улуттук кийимдерди, улуттук тамак-аштарды көрсөтүп, бий тартуулашты. Мындан тышкары, жайлоодо эл артисттеринин катышуусунда концерт өтүп, улуттук оюндардын 15 түрү боюнча улуттук мелдештер уюштурулду.

Иш-чараны көрүүгө миңдеген адам келип, алардын алдында президент Садыр Жапаров куттуктоосу менен кайрылды.