Видео: Кыргызстандык Бегимай Турусбекова «Привет, Андрей!» шоусунда ырдады

Бишкектин «Ынтымак» паркында караокеде ырдап белгилүү болгон Бегимай Турусбекова Орусиянын «Привет Андрей!» шоусунда ырдады. Кыргызстандык катышкан берүү «Россия-1» телеканалында жарыяланды.

«Привет, Андрей!» — Андрей Малаховдун 2017-жылдын 16-декабрынан бери «Россия-1» телеканалында көрсөтүлүп келе жаткан кечки көңүл ачуучу ток-шоу.

Турусбекова Уитни Хьюстондун «I Have Nothing» жана Селин Диондун «My Heart Will Go On» чыгармаларын аткарды.

Буга чейин телешоунун чыгармачыл тобу Жалал-Абад облусунун Казарман айылына келип, Бегимайдын турмушу жөнүндө сюжет тартып кеткен. Андан соң мекендешибиз Москвага телешоуга чакыруу алган.

Бегимай Турусбекова быйыл 19-июнда борбор калаанын «Ынтымак» паркында ырдап, вокалдык чеберчилигин көрсөткөндөн кийин белгилүү болгон. Анда ал Селин Дион, Уитни Хьюстон жана Виктор Цойдун чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөрдү таң калтырган.

Андан соң Турусбекова Super.kg’ге маек куруп, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык жайда билим алып, ошол эле маалда ресторандарда ырдап жүргөнүн айтып берген. Бирок турмушка чыгып, үйдө отуруп калгандыктан ырчылыкты таштаганга туура келген.

Анткен менен качандыр биз кезде сахнага кайтып барууга даяр экенин кошумчалаган.