Ысык-Көл: Салык кызматкерлери мушташа кетип, бири бычак жеп каза болду

Салык кызматынын Ысык-Көл району боюнча эки инспектору мушташа кетип, алардын бири бычак жеп каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына таянып 24.kg басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрь түнү 03:10до райондук оорукананын дарыгери милицияга кайрылган. Ал бычак жеп бейтапканага түшкөн адам өзүнө келбей каза болгонун кабарлаган.

Жерине барган милиция кызматкерлери окуя ошол эле түнү 01:00 чамасында Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылында болгонун аныкташкан.

«35 жаштагы жергиликтүү тургун кесиптеши, Ананьево айылынын 34 жаштагы тургуну менен жолугуп, спирт ичимдигин ичкен. Ичип отурганда экөө айтыша кетип, жаңжал чыкканда бири экинчисин бычак менен курсак тарапка бир нече жолу сайып жиберген», — деп белгилешти милициядан.

Шектүү. Сүрөт: Ысык-Көл ОИИБи

Кырсыктын кесепетинен Ананьево айылынын 34 жаштагы тургуну, салык кызматынын инспектору ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Ал эми шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Чолпон-Ата шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.