Зордуктоодон улам 13 жашар кыз төрөдү, шектүү дагы деле эркиндикте

Кыргызстандык Болот Манясов 7-сентябрда маалымат жыйын өткөрүп, 13 жашар небереси зордук кылган адамдан төрөгөнүн айтып чыкты. Ал небересин зордуктаган адам бүгүнкү күнгө чейин жазага тартыла электигин белгилеп, бийликтен калыс тергөөнү камсыздап берүүнү суранды.

Кыздын чоң атасы 2021-жылы небереси ичи ооруп жатканын айтканда Бишкектеги балдар ооруканасына алып барып, УЗИге тартышканын айтат.

УЗИге тартып жатканда андан тышка чыгып турууну суранышкан, бир сааттан кийин эле кабинетке милиция кызматкерлери кирип келген дейт чоң ата.

«Анан кыз кош бойлуу экенин айтышты, Биринчи май РИИБге барып арыз жаздым», — дейт ал.

Чоң атанын айтымында, небереси суракта TikTok-блогер менен таанышып, ал аны 2021-жылдын күзүндө биргелешип видео тартуу үчүн Бишкекке чакырган.

Ал эми кыздын укугун коргоп жаткан юрист Нурлан Токталиев блогер өспүрүмдү боюна бүтүп калганга чейин зордуктап жүргөн дейт. Юристтин айтымында, блогер секелекти биринчи жолу «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында зордуктаган, зордугун андан кийин дагы коркутуп-үркүтүп уланткан.

Жабырлануучунун чоң атасы небереси 2022-жылдын апрелинде көз жарып, бала энеси менен жашап жатканын маалымдады. Ал эми небереси мектепке барбай калган.

Ошондой эле кыздын чоң атасы шектүүнүн күнөөсүн далилдеш үчүн Казакстанга барып 600 доллар турган ДНК-тестин тапшыруу керектигин, бирок ага үй-бүлөнүн акчасы жоктугун кошумчалады.

Милиция эмне дейт?

Бишкектин Биринчи май РИИБи «Клооптун» кабарчысына жабырларуучу кыздын чоң атасы милицияга арызды 2021-жылдын 23-ноябрында жазганын билдирди. Арызда чоң ата небересин зордуктаган балага чара көрүүнү суранган.

РИИБден арыз түшкөн күнү эле дароо «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти.

«Шектүү өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барбаганын айтып жатат. Анын тиешеси бар же жогун билүү үчүн ДНК-тестин тапшыруу керек. Бирок ал баланын атасы экенин аныктоо үчүн ысыркай бала бир жашка чыкканда гана аныктаса болот», — деп билдиришти милициядан иликтөө уланып жатканын кошумчалап.

Балдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова кабарлаган.

Анын айтымында, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын саны жыл сайын өсүүдө. Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасалшат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында Балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана +996707079597. Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212;
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Исык-Ккөл көчөсү №33, телефон: 03945 24546.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз: «Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

Башкы беттеги сүрөт: АКИpress